Баракелде - Бүгүн, 27-январда Баткен областынын 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Коллегияга район, шаарлардын мэрлери, облустук, район шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери жана айылдык округдардын башчылары катышышты.
Баткен обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, коллегияда 4 маселе талкууга алынды.
Баткен областынын 2011-жылда социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана 2012-жылдын негизги милдеттери, Баткен областынын 2008-2011-жылдарга өнүгүү программасынын аткарылышы, Баткен областынын 2012-2014-жылдарга өнүгүү программасынын долбоору.
Коллегияга КР вице-премьер-министри Ж.Оторбаев катышып, өкмөттүн программалары тууралуу айтып өттү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)