23 февраль 2012, 00:49
 
Каттоо


 
Ө.Бабанов Талас облусун бүтүндөй интернеттештирүү керектигин айтты
27 январь 2012, 16:49

Баракелде - Бүгүн, 27-январда, премьер-министр Өмүрбек Бабанов Талас областына жумушчу сапары менен барды.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, өкмөт башчысы адегенде Талас районунун Көк-Кашат айылында жайгашкан А.Огонбаев атындагы орто мектебинде болду.

Бул мектепке мурда Ө.Бабановдун буйругу менен 10 компьютер берилген.

Ө.Бабанов 11-класстын окуучуларына информатика сабагы өтүп жаткан компьютердик класста болду. Окуучулар менен баарлашып жатып, премьер-министр информатика боюнча сабактардын жумасына канча жолу болоорун, компьютердик сабаттуулукту өздөштүрүүнүн деңгээлине кызыкты.

«Азыркы жаңы технологиялар кылымында дайыма технологиялар жаатындагы билимибизди өркүндөтүп турушубуз керек. Силер – биздин келечегибизсиңер, ошондуктан, сапаттуу билим алууңар абдан маанилүү. Бул жерде күндүз окуучулар окуса, кечкисин жергиликтүү жашоочулар үчүн компьютердик курстарды уюштурса болот», - деди Ө.Бабанов.

Премьер-министр облустун губернатору Койсун Курманалиевага облустагы бардык мектептерде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү тапшырды.

«Республиканын бардык мектептеринде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болуш керек. Жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттик салмактуу көмөк көрсөтүлүп жатат, алар көйгөйлүү маселелерди чечүүгө шарт түзөт. Ошондой эле информатика сабагын окуткан мугалимдердин айлык акыларын көтөрүү керек», - деди.

К.Курманалиеванын айтуусу боюнча, учурда облустагы орто мектептердин 60 пайызында Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн . «Айыл округдарынын башчыларынын алдына 2 айдын ичинде областтын бардык мектептеринде Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча милдеттер коюлган. Муну менен бирге айыл өкмөттөрдө да Интернетке кирүү мүмкүндүгүн түзүү боюнча иштер жүрүп жатат», - деп маалымдады губернатор.

Андан кийин премьер-министр биринчи класстын окуучулары үчүн өтүп жаткан «Мекен таануу» сабагында болду. Өкмөт башчы окуучулар менен сүйлөшүп, алардын билимдин адам турмушундагы мааниси жөнүндө пикирлерине кызыкты.

«Силер - биздин келечегибизсиңер. Силердин ар тараптуу өнүгүшүңөр жана сапаттуу билим алышыңар үчүн биз колубуздан келген шарттарды түзүп беришибиз керек. Ийгиликке жетиш үчүн сапаттуу билим алыш керек эмеспи», - деп айтты Ө.Бабанов.

Ошондой эле премьер-министр өкмөт иштеп чыккан республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп берсе, 320 орундук орто мектептин имараты салынаары тууралуу билдирди. Учурда 60 жыл мурун салынган мектептин акыбалы авариялык деп таанылган.

Андан соң Ө.Бабанов мектептин жанында аны менен жолугушуу үчүн чогулган айыл тургундары менен сүйлөштү. Өкмөт башчы өкмөттүн «Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо» деген программасы жана «100 күндүк» өкмөттүн иш Планы тууралу кыскача айтып берди. Ошондой эле ал жолугушууга келгендердин суроолоруна жооп берип, алардын сунуштары менен каалоолорун укту.

Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында облустун активи менен жолугушуп, бир катар социалдык жана өндүрүш объектилерине баруусу күтүлүүдө.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (6)

stan.kg 15:23:41 (30-01-2012)
Кыргыздар бири-бирибизди көрө албаган сапатыбызды жок кылганда гана өнүгөт окшойбуз.Бир адам жакшы иштеп баштаса эле артка тартып же жер-жерге,кокту-колотко бөлүнүүнү баштайбыз! Бул эң туура эмес сапаттарыбыздын бири! Таластан баштайбы, Жалал-Абадтан баштайбы баары бир Кыргызстандын бир учу да.Эмнеге бул жактан баштабайт да, тигил жактан баштайт деген сөздүн өзү туура эмес! Республика партиясынын Таласка караганда Жалал-Абаддан көп добуш алганы баарыбызга белгилүү.Бул Таластыктардын жерлигине карабай иштеген ишине карап добуш бергени деп ойлойм! Бабанов кандай болгон күндө да аракет кылып жатат. Жалал-Абад,Талас,Ош,Ысык-Көл,Баткен,Нарын, Чүй да менин жерим! Менин Кыргызстаным!Ата-бабалардын бизге берген мурасы, биз жаш болсок дагы келечектеги балдарыбызга бүтүн,бекем,күчтүү,өнүккөн мамлекетти өткөзүп беришибиз керек! Алгалай бер кыргыз эл,азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер,өсө бер, өз тагдырың колуңда.Кыргызтанда 2 миллион эле кыргызбыз болгону, ошон үчүн эч качан уруу-урууга,жер-жерге бөлүнгөндү токтотууну жаштар колго алышыбыз керек!!!!!
Maximus-Decimus 22:03:08 (27-01-2012)
kalgan oblustar chi?
dingling 18:34:34 (27-01-2012)
ооз коптургон толтура таластык бар. Бир гана ушул балабыз мыкты болуп чыкты. Буйруса эми таластыктар интернетти да басып алат турбайбызбы.
dingling 18:31:27 (27-01-2012)
хехехе... эмне чычалайсынар. силердин деле мыкты чыкма балдарынар коп го. ошолорду уяткарбайсынарбы. жакшы жигит эл четинде жоо бетинде дейт кыргыздар. Анын сынарындай силердин мыкты чыкманар доопорос болуп калса да таластыктардын куноосубу.
aruuke 17:13:53 (27-01-2012)
интернеттештирүүну Дж-Абаддын алыскы райондорунан баштасаныз болмок...!!!
aruuke 17:12:12 (27-01-2012)
таластыктардын башы экоо бекен?Бабанов озунун жеринен баштабай,башка жактан баштабайбы?Бабанов депутаттыкка койгондо,таластыктардан коро Дж-Абаддыктар жакшы колдоп беришкен.Эмне эшек ылайдан оттубу?
 
22 февраль 2012
18:28   Каракол шаарында наркотикалык заттарга кызыккандар акыркы 5 жылда он эсе көбөйгөнү айтылды18:01   Караколдо мамлекеттик органдардан маалыматты талап кылуу боюнча тренинг өттү17:48   Нарында Кыргызстандын аймактык башкаруусу талкууланды16:26   Спикер А.Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады16:25   ЖК комиссиялары кайра-кайра текшерип иштөөгө тоскоолдук кылып жатат — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы16:05   Ш.Байзаковду колдоо боюнча кол чогултулуп атат15:37   Депутат айымдар калпак жана гвоздика гүлү менен кесиптештерин куттукташты (фото)15:01   Ош шаарында коомдук адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата терегек стол болду13:43   Бишкекте эскирген үйлөр бузулат13:33   Бишкекте Ата Мекенди коргоочунун күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат (программа)13:22   Президентке караштуу Башкаруу академиясынын студенттери ЖК депутаттары менен жолугушту12:52   «Айкын саясат»: Камчыбек Ташиев Кашкардан келген уйгур экен11:33   Министр З.Рысалиевдин маянасы 42 миң сом11:07   Аскерге чакырылуучулардын негизги массасын титулдук улуттун - кыргыздын өкүлдөрүнөн турган жаштар түзөт10:57   Ө.Бабанов Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады10:53   ОшТУда эл аралык эне тилдер күнү белгиленди10:04   Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталган09:58   Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык боюнча штабдык жыйын болуп өттү09:52   «Ата Мекен» фракциясынын жыйындарга катыштыгы начар экендиги дагы айтылды08:33   Баткенде «Мекенди коргоо» күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү08:09   Өзгөн районунда жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз
21 февраль 2012
16:24   Садык Шер-Нияз: Агам Болот Шер саясаттан маданиятка ооп кетти16:18   Губернатор С.Жээнбеков Ноокаттагы Зулпуев айылдык округунда элдик жыйынга катышты15:51   «Де-факто» Кыргызстандагы талаш жерлер жана анклавдар боюнча маалымат чыгарды (инфографика)15:30   Депутат Д.Тербишалиев түнкү клубдан мушташканы боюнча кабарланды14:42   Кыргызстан Гимнинин текстиндеги 5 сөздү өзгөртүү сунушталууда14:19   Азыр К.Оторбаевди эптеп алып түшүүнү көздөгөн күчтөр жок эмес14:11   Акыйкатчы Т.Акун өзүнүн 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды13:48   Ошто студент кыз президент А.Атамбаевге өз колу менен түйгөн байпакты белекке берди13:07   Талас эли - аял башкарчу эл эмес, - губернатор К.Курманалиевага каршы жарандар12:46   Кыргызстанда Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борборду ачуу демилгеси көтөрүлүүдө12:42   Жалал-Абадда 23-февралга карата милиция кызматкерлери гарнизондук бөлүштүрүү өткөрөт12:13   Губернатор К.Курманалиева кара дуба менен алектенет, - мурунку орун басары А.Тургуналиев11:35   Ооган согушунун катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты11:29   Кара-Сууда окуучулар «Мектеп рэкетчилигине каршыбыз» деп аталган акция өткөрүштү10:30   Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй, Талас жана Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болду10:29   Ош шаарынын 95,3% көчөлөрү жарыктандырылат10:21   Ноокатта 2012-жыл «Таза шаар жылы» деп жарыяланды10:08   Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр үчүн экскурсия уюштурушту09:40   Коомдук каналда «Көзачыктар таймашы» теледолбоору башталат09:22   Атактуу балет бийчиси маркум У.Сарбагышев менен коштошуу бүгүн болот
20 февраль 2012
17:24   Ысык-Көл губернатору М.Асанакунов облустагы мэр, акимдер менен жолугушуу өткөрдү15:47   Маркум А.Эшбаевдин жакындары УКМК алдына митингке чыгышты13:41   Губернатор С.Жээнбеков Кара-Суудагы Папан айылдык округуна иш сапары менен барды11:26   Кыргызстанда этникалык орустардын укуктары бузулуп жаткандыгы айтылууда11:00   Каракол шаарында 92784-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди10:41   Жетим-жесирлердин батасы жана Кудайдын жардамы менен чоң ажал кайып өттү (макала)10:14   Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныкташы керек? (сурамжылоо)10:10   А.Атамбаев июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту
18 февраль 2012
11:45   Жогорку Кеңеш эл аралык сынактарда уткан таланттуу жаштардан киреше салыгын албоо демилгесин көтөрүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.