Баракелде - Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүнүн деңгээлдери төмөн, алар юрист, же мыйзам жаатына жакын адамдарды консультант-жардамчы кылып алып, сөздөрүн жаздырышат. Мындай пикирин саясий талдоочу Табылды Акеров «Асман press» гезитинин 27-январда чыккан санындагы маегинде билдирген.
Анын айтымында, депутаттар өздөрү жазып, өздөрү сүйлөй алышпайт. Ошондуктан, Жогорку Кеңештеги бир топ депутаттарга кеңешчи, жардамчылар керек.
«Эгерде анын баарын жок кылып салышса, мыйзамдар чийки жазыла башташы мүмкүн, себеби, 5-10 депутат мыйзам чыгарганды билип, аракеттенип жүрүшпөсө, көбү коомго кайсы мыйзамдар талаптуу экенин аныктап биле алышпайт», - дейт Т.Акеров.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)