23 февраль 2012, 00:28
 
Каттоо


 
А.Атамбаев Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү боюнча жарлыкка кол койду
27 январь 2012, 17:10

Баракелде - Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Жарлыктын тексти толугу менен келтирилет:

Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун системалуу иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат. Ал экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын комплексинде заманбап коомду жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнү курууга, жарандык атуулдукту жана өлкө үчүн сыймыктануу сезимин  калыптандырууга тийиш.

Кыргызстандын элинин көп улуттуу үй-бүлөсү 100дөн ашык этностордун өкүлдөрүнөн куралат. Мамлекет ар бир этностун тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө жана жайылтууга болгон адамдардын умтулуусун урматтоого жана кубаттоого милдеттүү. Муну менен бирге ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана этностук таандыктыгын унутпай, эң оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аңдап-түшүнүп жана аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл.

Кыргызстанды прогрессивдүү демократиялык өнүктүрүү  максатында жарандык бирдейликтин, өлкөнүн биримдигин жана маданий көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн жарандардын биргелешкен жоопкерчилигинин негизинде коомду баш коштуруу зарыл. Бул милдетти чечүү кыргызстандыктарда тарыхты урматтоо, өткөнү менен сыймыктануу, элдин руханий жана маданий дөөлөттөрүн билүү жана аздектөө сезимин тарбиялоосуз мүмкүн эмес.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактарды камтыйт.

Эң оболу бул орто кылымдарда Улуу кыргыз каганаты түзүлгөн жана кыргыз мамлекеттүүлүгү гүлдөп-өнүккөн мезгил. Аны сыпаттоо үчүн академик В.В.Бартольд жана башка илимпоздордун эмгектеринде “Улуу кыргыз мамлекети” деген термин колдонулган. Тарыхый булактарга ылайык 842-жылга карата Улуу кыргыз каганатынын башкы институттары түптөлгөн, негизги чек аралары аныкталган,  саясый түзүлүш системасы курулган. Кыргыздар дипломатия өнөрүн жана аскердик кубаттуу күчтү колдонуу менен катуу атаандаштык шартында чалкыган аймакты ээлеп жаткан уруулар менен элдерди бирдиктүү мамлекетке бириктире алган.

Орто кылымдарда кыргыз мамлекетинин кубаттуулугунун артышы тарыхтагы маанилүү учур гана болбостон, ошондой эле башка канатташ элдер менен уруулардын андан аркы тагдырына да таасир тийгизген. Уруулар ортосундагы согуштар жана талаш-тартыштар көпкө токтоп, жергиликтүү уруулар дайыма болуп турган кол салуулардан арылган, бул биргелешип өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаалды түзгөн. Ушундай шартта кыргыз этносунун баш кошуусу жана чыңдалышы, анын экономикалык жана маданий жактан өнүгүшү жүргөн.

Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү башка тарыхый мезгилдердин бүтүндөй катмарлары да ишенимдүү булактардын базасында терең изилдөөнү талап кылат. Тилекке каршы, кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргызстандын тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясый конъюктурадан улам бурмаланып келген.

Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана кеңири таанытуу маселелерине жетиштүү көңүл жана ресурстар бөлүнбөй келген. Кыргыздардын “Манас” эпосу дүйнөлүк адабияттын жалпы таанылган эстелиги гана болуп саналбайт. Философиялык терең маңызга ээ болгон чыгарма кыргыз элинин тарыхынын жана руханий турмушунун миң жылдык тажрыйбасын чагылдырган элдик акыл-ойдун уюткулуу кенчи болуп эсептелет. Көптөгөн муундар “Манас” эпосунун саптарында тарбияланган, ал саптар бүгүнкү ХХI кылымга да бап келип турат. Жарандардын, өзгөчө жаштардын эпосту жакшы билбегендиги анын маанисин жана ролун кемитип, терс тенденцияларды, анын ичинде жердешчиликти жана улутчулдукту жаратат, бул тарыхый жана маданий тамырларды, муундардын өз ара байланышын жоготууга барабар.   

Кыргызстанда маданий өнүгүү жана улуттук куралуу процессине зарыл ресурстар менен бекемделген натыйжалуу жана тең салмактуу мамлекеттик тил саясатынын жоктугу олуттуу залал келтирүүдө.

Тарыхый жана маданий мурастар өлкөнүн кенчи болуп санала тургандыгын эске алуу менен, Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигин чыңдоо максатында т о к т о м  к ы л а м:

1. Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү жана адамдарда өлкө үчүн жарандык атуулдук жана сыймыктануу сезимин тарбиялоо милдети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-2013-жылдарда Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү жана кеңири таанытуу Программасын иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын, анда төмөнкүлөр каралсын:

- тарых жана маданият жагында ишенимдүү булактардын базасында илимий изилдөөлөрдү кубаттоо;

- Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын кеңири таанытууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдоого алуу;

- 2012-жылы Улуу кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170-жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү;

- билим берүү системасында Кыргызстан элинин тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүү боюнча колдонуудагы окуу курстарын жана программаларын талдоо жана жаңыларын иштеп чыгуу;

- жалпы жарандык бирдейликтин, өлкөнүн тарыхына, анын маданиятына жана мамлекеттик символикага урматтоо менен мамиле кылуунун базасында коомду баш коштуруу үчүн негиз катары жалпы кыргызстандык маданий мейкиндикти калыптандыруу;

- 2012-жылы жогорку жана орто атайын билим берүү системасында, кийин жалпы билим берүү мекемелеринин жогорку класстарында “Манас таануу” окуу курсун киргизүү;

- балдар жана чоңдор, анын ичинде кыргыз тили эне тили болбогондордун өздөштүрүшү үчүн ыңгайлуу болгон кыргыз тилин окуп үйрөнүү боюнча сапаттуу, жеткиликтүү жана маңыздуу окуу китептерин, өз алдынча үйрөнүү китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгуу жана басып чыгаруу.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты  Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурастарынын “Мурас” фондун жана тарых илимин өнүктүрүү, Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик комиссияны түзүү боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине  жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (0)

 
22 февраль 2012
18:28   Каракол шаарында наркотикалык заттарга кызыккандар акыркы 5 жылда он эсе көбөйгөнү айтылды18:01   Караколдо мамлекеттик органдардан маалыматты талап кылуу боюнча тренинг өттү17:48   Нарында Кыргызстандын аймактык башкаруусу талкууланды16:26   Спикер А.Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады16:25   ЖК комиссиялары кайра-кайра текшерип иштөөгө тоскоолдук кылып жатат — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы16:05   Ш.Байзаковду колдоо боюнча кол чогултулуп атат15:37   Депутат айымдар калпак жана гвоздика гүлү менен кесиптештерин куттукташты (фото)15:01   Ош шаарында коомдук адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата терегек стол болду13:43   Бишкекте эскирген үйлөр бузулат13:33   Бишкекте Ата Мекенди коргоочунун күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат (программа)13:22   Президентке караштуу Башкаруу академиясынын студенттери ЖК депутаттары менен жолугушту12:52   «Айкын саясат»: Камчыбек Ташиев Кашкардан келген уйгур экен11:33   Министр З.Рысалиевдин маянасы 42 миң сом11:07   Аскерге чакырылуучулардын негизги массасын титулдук улуттун - кыргыздын өкүлдөрүнөн турган жаштар түзөт10:57   Ө.Бабанов Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады10:53   ОшТУда эл аралык эне тилдер күнү белгиленди10:04   Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталган09:58   Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык боюнча штабдык жыйын болуп өттү09:52   «Ата Мекен» фракциясынын жыйындарга катыштыгы начар экендиги дагы айтылды08:33   Баткенде «Мекенди коргоо» күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү08:09   Өзгөн районунда жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз
21 февраль 2012
16:24   Садык Шер-Нияз: Агам Болот Шер саясаттан маданиятка ооп кетти16:18   Губернатор С.Жээнбеков Ноокаттагы Зулпуев айылдык округунда элдик жыйынга катышты15:51   «Де-факто» Кыргызстандагы талаш жерлер жана анклавдар боюнча маалымат чыгарды (инфографика)15:30   Депутат Д.Тербишалиев түнкү клубдан мушташканы боюнча кабарланды14:42   Кыргызстан Гимнинин текстиндеги 5 сөздү өзгөртүү сунушталууда14:19   Азыр К.Оторбаевди эптеп алып түшүүнү көздөгөн күчтөр жок эмес14:11   Акыйкатчы Т.Акун өзүнүн 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды13:48   Ошто студент кыз президент А.Атамбаевге өз колу менен түйгөн байпакты белекке берди13:07   Талас эли - аял башкарчу эл эмес, - губернатор К.Курманалиевага каршы жарандар12:46   Кыргызстанда Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борборду ачуу демилгеси көтөрүлүүдө12:42   Жалал-Абадда 23-февралга карата милиция кызматкерлери гарнизондук бөлүштүрүү өткөрөт12:13   Губернатор К.Курманалиева кара дуба менен алектенет, - мурунку орун басары А.Тургуналиев11:35   Ооган согушунун катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты11:29   Кара-Сууда окуучулар «Мектеп рэкетчилигине каршыбыз» деп аталган акция өткөрүштү10:30   Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй, Талас жана Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болду10:29   Ош шаарынын 95,3% көчөлөрү жарыктандырылат10:21   Ноокатта 2012-жыл «Таза шаар жылы» деп жарыяланды10:08   Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр үчүн экскурсия уюштурушту09:40   Коомдук каналда «Көзачыктар таймашы» теледолбоору башталат09:22   Атактуу балет бийчиси маркум У.Сарбагышев менен коштошуу бүгүн болот
20 февраль 2012
17:24   Ысык-Көл губернатору М.Асанакунов облустагы мэр, акимдер менен жолугушуу өткөрдү15:47   Маркум А.Эшбаевдин жакындары УКМК алдына митингке чыгышты13:41   Губернатор С.Жээнбеков Кара-Суудагы Папан айылдык округуна иш сапары менен барды11:26   Кыргызстанда этникалык орустардын укуктары бузулуп жаткандыгы айтылууда11:00   Каракол шаарында 92784-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди10:41   Жетим-жесирлердин батасы жана Кудайдын жардамы менен чоң ажал кайып өттү (макала)10:14   Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныкташы керек? (сурамжылоо)10:10   А.Атамбаев июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту
18 февраль 2012
11:45   Жогорку Кеңеш эл аралык сынактарда уткан таланттуу жаштардан киреше салыгын албоо демилгесин көтөрүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.