23 февраль 2012, 00:59
 
Каттоо


 
А.Атамбаев 2012-жылды-үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду
27 январь 2012, 17:23

Баракелде - Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылды-үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Төмөндө жарлык толугу менен келтирилет:

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын коомдук жана саясий турмушун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө башат салган окуялар болду. Элибиз үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулатып, өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн оор жоготууларга барды. Жүргүзүлүп жаткан реформалар ырааттуу улантылышы үчүн экономикада, коомдук-саясий турмуштун бардык чөйрөсүндө, жарандардын укуктарын коргоодо чечкиндүү кадамдарды жасоо талап кылынат. Кыргызстандын эли жакынкы жылдардын аралыгында өз турмушундагы оң өзгөрүүлөрдү сезүүгө тийиш.

Мамлекетте туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири үй-бүлө институту болуп саналат. Өлкөдөгү коомдук-саясий жагдай Кыргызстандын ар бир жаранынын, биздин айылдарда жана шаарларда жашаган ар бир үй-бүлөнүн экономикалык абалына жана турмуштук маанайына түздөн-түз байланыштуу. Улууну урматтоо, аялзатын сыйлоо салттары менен тыгыз байланышкан үй-бүлө муундардын тарыхый жолун улап, маданиятты жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактап келген жана сактай бермекчи. Кыргызстандын үй-бүлөлөрүндө тынчтыктын жана ынтымактын шарапаты менен мамлекет өнүгүп, адамдардын жашоо жыргалчылыгы жогорулай берет.

Кыргызстандын тарыхы айгинелеп тургандай, мамлекеттин өнүгүшүндөгү эң көрүнүктүү мезгилдер өлкөдө тынчтык, элдин биримдиги, коомдогу ынтымак-ырашкерлик жана ар кандай этностордун өкүлдөрүнүн ортосунда достук мамилелер менен  шартталып келген. Орто кылымдарда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн гүлдөп-өсүшү Улуу кыргыз каганатынын түзүлүшү менен байланышта болгон. Анын кеңири аймагында көптөгөн уруулардын жана элдердин өкүлдөрү тынчтыкта жанаша жашап келген. Мурдагы СССР элдеринин бирдиктүү үй-бүлөсүндө, өнүгүүнүн советтик мезгилинде Кыргызстан өнөр жайы өнүккөн, ири товар өндүрүүчү айыл чарбасы бар жана калктын турмуш деңгээлинин туруктуу өсүшүнө жетишкен гүлдөгөн аймакка айланган.

Эгемендүүлүк жылдарында көп улуттуу Кыргызстан элинин бирдиктүү үй-бүлөсүн калыптандыруунун татаал процесси жүрүп жатат. Аймактык өнүктүрүүнүн жана этностор аралык мамилелердин ондогон жылдар бою чечилбей келе жаткан көйгөйлөрү жалпысынан өлкөнүн өнүгүшүнө, ошондой эле айрым жарандардын жеке тагдырына терс таасирин тийгизүүдө. Азыркы учурда эл бийлигин кайрадан калыбына келтирүүнүн башталышы менен кыргызстандыктар үчүн көп улуттуу өлкөбүздүн ар бир атуулу сыймыктангыдай көз карандысыз, күчтүү, шайма-шай өнүккөн мамлекетти куруунун жаңы тарыхый мүмкүнчүлүгү жаралды.  Бул башкы максатка жетишүү үчүн Кыргызстандын саясый жана коомдук күчтөрүнө адилет жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алып, Мекенибиздин келечегин жана болочок муундардын тагдырын баарынан бийик тутуп, ынтымак жана кечиримдүүлүк жолунда бирге баруулары керек.

Мамлекеттик бийлик органдарынын аталган багыттагы күч-аракети менен катар эле өлкөнүн ар бир жаранынын жигердүү атуулдук  позициясы, үй-бүлө жана жергиликтүү жамаат сыяктуу социалдык институттардын  көмөктөшүүсү талап кылынат.

Кыргызстан элинин кылымдар бою калыптанып келген каада-салтына жана бийик руханий дөөлөттөрүнө негизденип, коомчулуктун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылууларын көңүлгө алып, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө жетишүү, жарандарга татыктуу жашоо шартын түзүү ар бир үй-бүлөнүн бакубат турмушунан, ар бир көчөнүн, айылдын, шаардын жана райондун тургундарынын тынчтыгынан жана ынтымагынан  башталаарын эске алып, токтом кылам:

1. 2012-жыл Кыргыз Республикасында үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк  Жылы деп жарыялансын.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен Кыргыз Республикасында үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк  Жылын өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссияны түзсүн;

2) үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк  Жылын өткөрүү боюнча иш чаралардын Планы иштелип чыксын, анын негизги багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

- коомдун негизги институту катары үй-бүлөнү андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо;

- заманбап талаптарга шайкеш жана жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, руханий өнүгүүгө, өз ара урматтоого жана маданияттын өз ара байышын бекемдөөгө багытталган салттарды колдоо жана өркүндөтүү;

- ишенимди, калыстыкты, кайрымдуулукту жана кечиримдүүлүктү чыңдоо боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу аркылуу өткөн чыр-чатактардын залакасын жоюу;

- биримдикти, туруктуу тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга багытталган этностор аралык саясатты жана коомду баш коштуруу программасын кабыл алуу жана ишке ашыруу, анын ичинде мамлекеттик тилдин интеграциялык ролун жогорулатуу, расмий жана башка тилдерди өнүгүүсүн колдоо аркылуу көп улуттуу Кыргызстан элинин бирдиктүү үй-бүлөсүн чыңдоо;

- Кыргызстандын тарыхын терең окуп-үйрөнүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган илимий изилдөөлөрдү жана жарандык демилгелерди колдоо;

- тарыхый башатыбызга жана элдин заманбап күчтүү жана көз карандысыз мамлекетти курууга болгон умтулуусуна негизделген жарандык атуулдуктун дурус потенциалын пайдалануу;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк Жылын өткөрүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүүнү, тийиштүү иш чараларды иштеп чыгууну жана алардын аткарылышын камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, өлкөдө элдин биримдигин, бейкуттугун жана ынтымагын камсыз кылуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүүнү өз ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири катары кароо сунушталсын.

4. Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине  жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (5)

ahar 12:09:22 (29-01-2012)
Senator мырза сиз Атамбаев менен табакташ жургондой суйлойт экенсиз. Эгер ал алкаш болсо анда сиз деле соо эмессиз го. Элди тынчтыка, кечиримдуулуко чакыргандын эмне жамандыгы бар. Бизге азыр тынчтык, стабилдуулук, кечиримдуулук абадай эле керек.Соо киши ушуга да каршы болобу.
jonik 7:58:19 (28-01-2012)
бакиевчи-акаевчилерди кечирбегенге арганар жок,себеби бийликте коюн-колтукташ болуп аралашып кеттинер.Революция дегенинер маанисин жоготуп бутту.Элдин жарымынан кобу "апрель баатары" наамдуу болуп калышты,ТОЛК ЖОК.Баягы эле свет очуп жатат,эл жумушсуздан тентип жатат,тышкы карыз осуп жатат
Ahiles 1:02:01 (28-01-2012)
мынча узун ат койгон тилим келбей атат, бакиевчи-акаевчилерди кечирелиби?
Maximus-Decimus 22:15:15 (27-01-2012)
Antiotik ! davay bro sen kimsin kayerdesn kabarlawkani mail tiwtap koi
antibiotik 21:22:54 (27-01-2012)
Ким бизде улуттук лидер болуп,тазалыктын символу боло алат?

Жаны таза кучтор биригели!

Силер гана Кыргызстанды сактап кала аласынар!

Жаны саясый элитага жол ачкыла!!!
 
22 февраль 2012
18:28   Каракол шаарында наркотикалык заттарга кызыккандар акыркы 5 жылда он эсе көбөйгөнү айтылды18:01   Караколдо мамлекеттик органдардан маалыматты талап кылуу боюнча тренинг өттү17:48   Нарында Кыргызстандын аймактык башкаруусу талкууланды16:26   Спикер А.Жээнбеков кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады16:25   ЖК комиссиялары кайра-кайра текшерип иштөөгө тоскоолдук кылып жатат — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы16:05   Ш.Байзаковду колдоо боюнча кол чогултулуп атат15:37   Депутат айымдар калпак жана гвоздика гүлү менен кесиптештерин куттукташты (фото)15:01   Ош шаарында коомдук адилеттүүлүктүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата терегек стол болду13:43   Бишкекте эскирген үйлөр бузулат13:33   Бишкекте Ата Мекенди коргоочунун күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат (программа)13:22   Президентке караштуу Башкаруу академиясынын студенттери ЖК депутаттары менен жолугушту12:52   «Айкын саясат»: Камчыбек Ташиев Кашкардан келген уйгур экен11:33   Министр З.Рысалиевдин маянасы 42 миң сом11:07   Аскерге чакырылуучулардын негизги массасын титулдук улуттун - кыргыздын өкүлдөрүнөн турган жаштар түзөт10:57   Ө.Бабанов Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады10:53   ОшТУда эл аралык эне тилдер күнү белгиленди10:04   Жалал-Абадда өткөн жылы 392 жаратылышка келтирилген зыян аныкталган09:58   Ошто жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык боюнча штабдык жыйын болуп өттү09:52   «Ата Мекен» фракциясынын жыйындарга катыштыгы начар экендиги дагы айтылды08:33   Баткенде «Мекенди коргоо» күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү08:09   Өзгөн районунда жол коопсуздугун тейлеген кызматкерлер жетишсиз
21 февраль 2012
16:24   Садык Шер-Нияз: Агам Болот Шер саясаттан маданиятка ооп кетти16:18   Губернатор С.Жээнбеков Ноокаттагы Зулпуев айылдык округунда элдик жыйынга катышты15:51   «Де-факто» Кыргызстандагы талаш жерлер жана анклавдар боюнча маалымат чыгарды (инфографика)15:30   Депутат Д.Тербишалиев түнкү клубдан мушташканы боюнча кабарланды14:42   Кыргызстан Гимнинин текстиндеги 5 сөздү өзгөртүү сунушталууда14:19   Азыр К.Оторбаевди эптеп алып түшүүнү көздөгөн күчтөр жок эмес14:11   Акыйкатчы Т.Акун өзүнүн 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды13:48   Ошто студент кыз президент А.Атамбаевге өз колу менен түйгөн байпакты белекке берди13:07   Талас эли - аял башкарчу эл эмес, - губернатор К.Курманалиевага каршы жарандар12:46   Кыргызстанда Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борборду ачуу демилгеси көтөрүлүүдө12:42   Жалал-Абадда 23-февралга карата милиция кызматкерлери гарнизондук бөлүштүрүү өткөрөт12:13   Губернатор К.Курманалиева кара дуба менен алектенет, - мурунку орун басары А.Тургуналиев11:35   Ооган согушунун катышуучулары акчалай сыйлыктар менен сыйланышты11:29   Кара-Сууда окуучулар «Мектеп рэкетчилигине каршыбыз» деп аталган акция өткөрүштү10:30   Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй, Талас жана Бишкекте авариялык өчүрүүлөр болду10:29   Ош шаарынын 95,3% көчөлөрү жарыктандырылат10:21   Ноокатта 2012-жыл «Таза шаар жылы» деп жарыяланды10:08   Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөр үчүн экскурсия уюштурушту09:40   Коомдук каналда «Көзачыктар таймашы» теледолбоору башталат09:22   Атактуу балет бийчиси маркум У.Сарбагышев менен коштошуу бүгүн болот
20 февраль 2012
17:24   Ысык-Көл губернатору М.Асанакунов облустагы мэр, акимдер менен жолугушуу өткөрдү15:47   Маркум А.Эшбаевдин жакындары УКМК алдына митингке чыгышты13:41   Губернатор С.Жээнбеков Кара-Суудагы Папан айылдык округуна иш сапары менен барды11:26   Кыргызстанда этникалык орустардын укуктары бузулуп жаткандыгы айтылууда11:00   Каракол шаарында 92784-аскер бөлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди10:41   Жетим-жесирлердин батасы жана Кудайдын жардамы менен чоң ажал кайып өттү (макала)10:14   Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныкташы керек? (сурамжылоо)10:10   А.Атамбаев июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту
18 февраль 2012
11:45   Жогорку Кеңеш эл аралык сынактарда уткан таланттуу жаштардан киреше салыгын албоо демилгесин көтөрүүдө
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2011
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.