Баракелде - Мамлекеттик кызматкерлердин кирешесин гана эмес, чыгашасын да ачыкташ керектигин, бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев билдирди.
Фракция отурумунда министр Салык кодексинин ишке киришүүсү жөнүндө мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоорун сунуштады. Ага ылайык, Кыргызстанда жарандардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу быйылкы жылдан 2014-жылга жылдырылат. Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууну артка жылдырууга салык тутумунда автоматташтыруу жараянынын бүтпөгөндүгү негиз болууда.
Темир Сариев бардык жарандардын, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин чыгашасы тууралуу да так маалымат болушу керектигин белгилейт. «Биз киреше жөнүндө гана эмес, чыгаша жөнүндө декларация толтурушубуз керек. Мындай ыкма менен чыгаша да көзөмөлгө алынат. Анткени кирешени аз көрсөтүп, чыгашасы андан он эсе, жүз эсе көп болгон адамдар бар. Мисалы, бир мамлекеттик кызматкер кирешесин аз көрсөтүп, ошол эле учурда кызы студент болсо, анын наамына абдан чоң мүлктөрдү жазып койгон учурлар бар. Чиновниктер сарптаган чыгашасын да негиздеп бериши керек. Ал акчаны кайдан тапты, кантип алды, баары ачык болушу керек», - дейт ал.
Бул багытта министр Европа мамлекеттерин мисал келтирип, ал жакта чыгашасы көп болгон учурда гана эмес, насыя алган учурда мүчүлүштүктөргө жол берилсе, мамкызматкерлер иштен алынаарын айтты.
Белгилей кетсек, бирдиктүү салык декларациясын тапшырууда мүлкү 45 млн сомго чейин болгон атуул жөн эле бланкты толтурат. Ал эми 45 млн сомдон көп мүлкү бар жаран 450 миң сом көлөмүндө атайын төлөмдү берет.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (2)