Баракелде - Жогорку Кенештин 28-январдагы отурумунда өкмөттүк саат өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин 27-январдагы отурумунда такталды, деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Динара Молдошеванын кабарлоосу боюнча, аталган жыйынга кызматтык иш сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов катышпай, маселеге тиешеси бар калган өкмүт мүчөлөрү толук катышышат.
Күн тартибине ылайык, бул күнү өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнө келээрки жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдыктардын аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришет.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)