Баракелде - 7-апрелде кочкорлук азаматтардын бир нечеси өмүрү менен кош айтышкан. Бирок, элди аткан ошол бийликтин А.Жапаровго окшогон «жоокерлери» кайрадан бийликтин бийик секисине секиришти, деп жазат «Фабула» гезити 27-январда чыккан санында.
Басылмада жазылгандай, көз алдында көз жумган курбалдаштарынын өлүмүн унута албаган жаштар, азыркы аткаруу бийлигине «атака» өткөнү турушат.
«Бийликти канча алмаштырба, баары бир капчыктуулар каалаганын кылышат экен. Ак үйгө тийбейбиз, бийликти кетирбейбиз, бирок эл байлыгын тоногон капчыктуу чириген чиновниктерге чара колдонобуз. Көз жумган апрель баатырларынын кегин кууйбуз», - деген маанайдагы жаштар жазга катуу даярдык көрүп аткандыгы тууралуу кеп кетти, деп жазылат гезитте.















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (8)