Баракелде - Оштун шаардык кеңешин шайлоо өтө чоң саясий оюндар менен коштолгону калды, деп жазат «Фабула» гезити 27-январда чыккан санында.
Гезитте жазылгандай, Үсөн Сыдыков дагы деле тынч отура албай, саясий былгытмаларын баштаганы жатыптыр. Өткөндө Ташиев, Мадумаров, Келдибеков өңдүү Бакиевдин жандоочторун тегерегине чогултуп алып, «Көлдө 7 аке бар. Биякта бир эле Үсөн ака деген жалгыз эле акаңар бар. Менин сөзүмдү укпай эмне болдуңар? Баарыңар мыш болдуңар. Эми Оштун мэрлигин алдырсаңар ит эле болосуңар. Борборду алдырдыңар, эми ордону алдырбашыбыз керек» деген сыяктуу сөздөрүн айтыптыр.
«Айтып гана тим болбостон Ү.Сыдыков учурдагы мэрди коргоп калыш үчүн Мырзакматовдун «Улут биримдиги» деген партиясынын алдында «Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан», «Жаңы Кыргызстан» партияларынын башын бириктирип, шаардык кеңешке шайланчу 45 депутаттын 30ун алабыз деп чоң оюнду эмитеден эле башташыптыр», - деп жазат гезит.





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (26)