Баракелде - Депутат Талантбек Узакбаев бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айылдык дыйкандар көйгөйлүү маселелери менен келип, эл өкүлдөрдүн кабинеттеринен чыкпай жатышканын айтты.
Т.Узакбаев бүгүн, 27-январда пленардык жыйында билдиргендей, учурда Таластан, Ысык-Көл, Ат-Башы, Кочкор райондорунан дыйкандар келип, картошкаларын өткөрө албай жатышканын айтып, аларга кайрылып жатышат.
«Дыйкандар биздин кабинеттен чыкпай калышты. Бул маселе менен бизге эмес, өкмөткө кайрылыш керек болчу. Учурда катошканын баасы өтө арзан баада сатылып атат. Казакстанга алып баруу үчүн чек арадан өткөрбөй жатышыптыр. Эмне себептен мындай болуп атат, же карантин объекттер барбы?, ушуну билиш керек. Муну премьер-министр Ө.Бабанов өзү көңүлгө алып, казакстандык кесиптеши К.Масимов менен сүйлөшүшү керек. Бул маселени тез арада чечүү керек. Себеби, картошка канчалык көп турган сайын салмагын жоготот», - деди эл өкүлү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)