Баракелде - 25-январда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылынын тургуну Маралбек аттуу жарандын койчусу белгисиз себептерден улам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, койчу 1986-жылы туулган Акышов Алмаз Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча каза болгон адам оорукчан болгон.
Ошол эле күнү, 25-январда А. Акышовдун сөөгү 4 жергиликтүү тургун тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун МЖС айылынан 35 чакырым аралыктагы Кара-Кысмак дарыясынан табылып, жол жоктугуна байланыштуу кардын ичине көмүшкөн. Азыркы убакта Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрликтин мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 5 куткаруучу сөөктү алып келүүгө баруу үчүн даяр турушат жана алар аба ырайы жакшырганда Коргоо министрлигинин тик учагы менен сөөктү алып келгени барышат. Ошондой эле тик учак бөлүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан Коргоо министрлигине кат жөнөтүлдү.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)