Баракелде - ЖК депутат Урмат Аманбаева бүгүн, 28-январда парламенттин планардык жыйынында Ош облусунун Озгур айылындагы суу канал коркунучтуу абалда турганын билдирди.
Анын айтымында, Озгур айылында 2003-жылы аталган суу каналдан жарака кетип, суу каптап, 3 адамдын өмүрүн алган жана 16 үй-бүлөнүн короосун таптап кеткен.
«Бүгүнкү күндө бул айылдын эли бир нече жолу кайрылды. Ал каналдын салынганына 50 жыл болуптур. Бирок, бир дагы оңдоо иштери жүрбөптүр. Ал эми тишелүү департамент каналды жаңылоого 34 млн сом бөлүнгөнүн айтып атат. Бирок, эч кандай жыйынтык жок, оңдолгону көрүнбөйт. Учурда Озгур айылынын элине коркунучтуу абал түзүлүп атат», - деди ал.
Ошондой эле, депутат бул каражат кайда кеткенин иликтеп жана каналдагы абалды жоюу иштерин жүргүзүү үчүн төрагадан протоколдук тапшырма берүүсүн суранды.













Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)