Баракелде - Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарындагы укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Иш-чарага Ош шаардык ИИБнын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын прокурору Шакир уулу Айтбай, Ош облусттук УКМКнын башчысынын орун басары Абдыразак Дунаев катышышты.
М.Мырзакматов 4-мартта өткөрүлүүчү шаардык кеңешке депутаттарды шайлоонун астында шаардын коопсуздук маселеси тууралуу айтып, «Жергиликтүү эл 2010-жылдагы июнь окуясын эми эсинен чыгара баштаганда «Чөөнүн сааты» аттуу компакт-диск кайрадан таратыла баштагандыгы тууралуу маалымат жетти», - дейт.
«Ош шаарынын мэриясы жана укук коргоо кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, этникалык чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн алдын алып, иш аракеттерди жүргүзүү керек», - дейт М.Мырзакматов.
Ал белгилегендей, «Чөөнүн сааты» компакт-дискинен сырткары, шаарда этникалык белгидеги жазуулар пайда боло баштады. «Кыска мөөнөттүн ичинде шаардагы административдик имараттарда эмне үчүн улуттук, этникалык маанидеги жазуулар пайда боло баштагандыгын аныктап чыгуу керек», - дейт ал.
Жыйында шаар башчысы Ош шаардык ИИБсына шаардагы коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча иш аракеттерди күчөтүү боюнча тапшырма берди.
«Ал эми аймактык кеңештердин башчылары калк менен тыгыз байланышта болуп, кыдаал боюнча өз убагында укук коргоо кызматкерлерине билдирип туруусу зарыл», - дейт шаар башчысы.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)