Баракелде - Жалал-Абад облусунда өткөн жыл ичинде 148 дарыгер жумуш ордунан кетишип, ошол эле убакытта 225 дарыгер жумушка кабыл алынды. Мындай маалыматты Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоонун координатору Мамат Миянов аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго билдирди.
Т.Мияновдун айтымында, областтын саламаттык сактоо мекемелеринде 1464 дарыгер, 5447 орто медициналык кызматкерлер эмгектенип жатат.
Орто билимдүү медициналык кызматкерлердин арасынан 555 адис жумуштан кеткен болсо, 778 орто медициналык кызматкер жаңы жумушка кабыл алынган. «Медициналык кызматкерлердин кайрадан саламаттык сактоо мекемелерине жумушка орношусуунун эң негизги себеби - май айынан баштап медициналык кызматкерлердин айлык маянасынын көтөрүлүшү», - дейт М.Миянов.
Анын пикиринде, ага карабастан медициналык кызматкерлер менен камсыздоо көрсөткүчүн жакшыртуу максатында жер-жерлердеги медициналык мекемелердин жетекчилиги мамлекеттик администрация, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар менен тыгыз жумуш алып баруусу зарыл, жаш адистерди өздөрүнө тартуу, аларга шарт түзүп берүү жагын да унутпаш керек.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)