
Баракелде - Өкмөт башчысы анын адамдары тарабынан жасалып жаткан рейдерлик басып алуучулуктун айынан жапа чегип калышы мүмкүн, деп жазат «Вести» сайты. Анда айтылгандай, азыркы Кыргызстандын саясий аренасында болуп жаткан окуялар чиновниктердин бир бөлүгүнө гана эмес, өлкөнүн мамлекеттик жана саясий түзүлүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Өлкө башчысы талап кылып аткан коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырылган структурага өкмөт башчысына жакын адамдар келип калды.
Өмүрбек Бабановдун министрлер кабинетинин креслосун солгундатууга болгон аркеттер менен сындарды кандай баалаш керек?
Өзүнүн пикирин «МК-Азия» басылмасынын башкы редактору, директору Улукбек Бабакулов «Вести» сайты менен бөлүшкөн:
«Акыркы күндөрдөгү окуялар, анын ичинде «Альфа Телеком» ЖАКсы компаниясын текшерүү жана Бабановго карата өкмөт алдындагы парламентарийлердин сыны материалдык сфераны кайра бөлүштүрүү күрөшү башталгандыгын көрсөтүп жатат.
Кээ бир ММКлар «Мегакомдогу» көптөгөн финансылык мыйзам бузуулар тууралуу экс-башпрокурор Байболов да айткандыгын жазышкан. Бирок ал учурда бул билдирүүлөр четке кагылган, анткени бул учурда Өмүрбек Токтогуловичтин каржылык жана башка ресурстарын колдонуу керек болгон.
Азыркы учурда Бабанов өзүнүн «тарыхый миссиясын» аткарып бүткөндүгү түшүнүктүү: парламенттин башка фракцияларындай эле «Республика» фракциясынын мүчөлөрүнүн ичинде карама-каршылыктар бар, Бабановдун жардамы менен белгилүү бир канча популярдуу эмес чечимдер кабыл алынды (ошол эле «Мегакомду» улутташтыруу, жана башка), эми аны кетирсе болот.
Атамбаев үчүн Өмүрбек Токтогуловичтин талапкерлиги анча ылайыктуу эмес болгон. Анткени ал өзүнүн анча туура эмес жүрүш-турушу менен сырткы оюнчулардын жинине тийип алган: Орусия менен Казакстандын Кыргызстанга инвестиция алып келүүнү каалаган ири ишкерлер азыркы өкмөт башчынын фамилиясы чоң роль ойногон бир канча бизнес долбоорлордун рейдерлик жол менен басып алынышын көрүп, инвестицияларын Кыргызстанга алып келүү оюнан баш тартышты.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен жолугушууга туура келчү А.Атамбаев үчүн Бабановдун фигурасы канааттандырарлык болбой калгандыгын айтсак болот, дейт Бабакулов.




























Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (36)