Баракелде - Кечээ, 1-февраль күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Баткен шаарында «Асылбек» кафесинин жанында мас абалындагы жаштар арасында атышуу болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Баткен шаарынын жашоочулары «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысына билдиришти.
Окуяга күбө болгон жергиликтүү жашоочулардын айтымында, кечээ, 1-февраль күнү кечки саат 20:00дөн баштап, «Асылбек» кафесине жаштар чогулуп, алар мас абалында болгондуктан өз ара чыр–чатак чыккан.
Шаардык милиция кызматкерлери жаштарды тартипке чакыруу учурунда, өз ара мушташып, ок атуучу куралдан ок чыгарышкан. Октон эч ким жаракат алган эмес.
Натыйжада 1 милиция кызматкерин жаштар ур-соккуга алышып, ал ооруканага жеткирилген.
Укук коргоо кызматкерлери билдиргендей, мындан сырткары, бир нече адам жаракат алып, медициналык жардам сурап кайрылган.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)