Баракелде - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров АУБдун ячейкаларынан алынган акчалар боюнча тартылган диск жоголуп кетиптир деп билдирди.
«Акыркы убактарда көптөгөн массалык мааалымат каражаттарында саясатчылардын, генералдардын АУБдагы ячейкалары боюнча маалыматтары кетип жатат. АУБдан 20 млн доллар эмес, 100 млн доллар бар болчу деп айтылып жатат, бирок бул сумманын тагын эч ким билбейт. Ячейкалардан алынган акчалар камерага тартылып, ал диск азыр жоголуп кетти. Диск Башкы прокуратурага барган, бир саясатчынын колунда деп айтылып жатат. Ал дискти коомчулукка көрсөтүп, ким ууру, ким алып чыккандыгын көрсөтүш керек. Ошондой эле, комиссия түзүү зарыл», - деди депутат 2-февралдагы пленардык жыйында.























Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (7)