Баракелде - К.Бакиев Ошто туруп алганда Кыргызстан экиге бөлүнүп, чоң согуш чыгып кетмек. Ошондо М.Мырзакматов чоң роль ойногон, дейт саясый-коомдук ишмер Азимбек Бекназаров «Арена kg» гезиинин 2-февралда чыккан санындагы маегинде.
Анын айтымында, М.Мырзакматовду сатып алдым деп айта албайт. Ош шаарынын мэри болгону анын аргументтерине көнгөн.
«Мелис, Бакиевди Ошко отургузам деп атасың. Ал Бишкекте 100гө чукул адамды кырып койду. Сен жан тарткан күндө дагы башпаанек тапкандан кийин кетип калат. Жыйынтыгында сен кылмышкерди колдогон киши болуп, жоопко тартыласың же кошо кетесиңби, десем, ал «эмне кылышым керек?», деди», - дейт А.Бекназаров.
Анын айтымында, М.Мырзакматов Бекназаровдун өткөн-кеткенди унуталы, Убактылуу өкмөттү колдошуң керек, эл да колдоп атат дегенден кийин макул болуптур.
Ошол мезгилде А.Бекназаров Сооронбай Жээнбеков менен да жолугуптур.
«С.Жээнбеков «Азике, менин күчүм жетпейт. Мелис менен сүйлөшүңүз», - деди. Дүйшөбаев, Байболовдор М.Мырзакматовду болушунча кысты. «Иш козгойбуз», дешти. Барып алып келгиле, дедим», - дейт А.Бекназаров.
Анын айтымында, ошол мезгилде түштүккө барууга бирөө да даай алган эмес.
«Мени «барып кызматтан алып кел», дешти. Барган күндө да элге карата иш кылам. Эгер эл колдосо, жарлыкты окуйм. Колдобосо, андай Жарлык жок деп келе берем, дедим. Эл колдобогондон кийин айткан сөзүмө туруп, андай жарлык жок деп келе бердим», - дейт А.Бекназаров.
А.Бекназаровдун айтымында, ал келген соң, «М.Мырзакматовду парламенттик шайлоодо бир жакка кетириңиз», дешиптир.
«Мелистен адам катары суранып, «сени мокочо көрүп жатат. Парламенттик шайлоодо отпускага чыгып, бир жакка кетип калчы», дедим. Ал отпускага чыгып кетти. Анда да «Жанышка кетти» деп башташты. Кайда кетсе да, өзүнүн иши. Шайлоодон кийин келет деп койдум», - дейт А.Бекназаров.



дунар и талкаладынар Азике сен каарыдын кет и досторунду ала кет бийликтен


















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (8)