Баракелде - Учурда Ош облусунун Өзгөн районунда 7 базар катталып иштеп жатат. 4 ар түрдүү продукциялар менен аралаш соода-сатык кылуучу жана 3 мал базары бар. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Базарлардын санынын өсүшү менен ишкердик иш-аракет жүргүзүүчү жарандардын саны да өскөн.
Райондук мамлекеттик администрациясы, шаар башкармасы, айыл округдары жана базарлардын жетекчилери тарабынан базарларды жайгаштырууда архитектуралык-курулуш нормаларын бузууга жол бербөө, соода эрежелерин сактоо боюнча бир катар иш-чаралар иштелип чыгарылып, ишке ашырылууда.
Ош обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, жыл ичинде дан эгиндер базары тартипке келтирилип, сыртта соода иштерин жүргүзгөн соодагерлерге үстү жабык, заманбап соода орундары жасалды. Жарандар жүрүүчү жолдор тийиштүү деңгээлде кеңейтилди. Азыркы учурда батыш, түндүк тарабындагы дарбазалардан өрт өчүрүүчү автоунааларга тоскоолсуз кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ар жуманын биринчи күнү базарды тазалоо күнү (санитардык тазалоо күнү) болуп белгиленип соода кылуу токтотулган.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)