Баракелде - Р.Отунбаева 2010-жылы Жогорку Соттун 10 судьясын мыйзамды бузуу менен указ чыгарып, кызматтан кетирген. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку Соттун төрагасынын мурунку милдетин аткаруучу Кубаныч Момбеков билдирди.
Анын айтымында, мурунку президент Р.Отунбаева 2010-жылдын 5-октябрында жогоруда айтылган 10 сот менен бирге аны да Жогорку Соттун төрагасынын орун басарлык кызматынан бошоткон.
«Р.Отунбаеванын мени кызматтан кетирүү сунушун Жогорку Кеңеш укуктук баа берип, указдын мыйзам бузуу менен кабыл алынган деген чечим чыгарган», - дейт К.Момбеков.
Ал белгилегендей, Соттор кеңеши да 2011-жылдын 18-февралында аны кызматтан четтетүү чечимин туура эмес кабыл алышкан.
«Бүт баары мыйзам бузуу жолу менен болгон. Алгач Соттор кеңеши чечим чыгарып, андан соң гана президент аны тактап туруп, кол коюш керек болчу. Булардыкы болсо баары тескери болуп жатат. Президент указ чыгаргандан кийин, 5 айдан кийин Соттор кеңеши чечим чыгарып атат», - дейт К.Момбеков.
Анын айтымында, 2011-жылдын 30-декабрында ага карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.
«Мыйзамсыз кабыл алынган президенттин указын мыйзамдаштыруу максатында мага карата материал топтошкон. Коюлган күнөөлөрдө Жогорку Сотто иштеген эки соттун гана көрсөтмөсү бар. Алардын айтымдарында, мен аларга 2 жолу мыйзамсыз чечим чыгар дептирмин. Эч кандай далил жок болуп туруп 2 кишинин көрсөтмөсү боюнча эч качан кылмыш иши козголбойт, бул туура эмес», - дейт К.Момбеков.
Ал белгилегендей, ага коюлган далилдердин базасын 2 кишинин көрсөтмөсү эле түзөт. Моралдык, материалдык жабыр тарткан эч ким жок.
«Бул тууралуу укуктуу калыс текшерүү жүргүзүп берүү сунушум менен президентке, Жогорку Кеңешке, анын комитеттерине кайрылуу жөнөттүм. Анын курамында Жогорку Кеңештеги ар бир фракциянын, комитеттердин мүчөлөрү болуш керек», - дейт К.Момбеков.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (3)