Баракелде - «Ачык саясат» гезитинин 3-февралда чыккан санында жазылгандай, 4-мартта өтүүчү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык бардык региондордо жүрүп жатат. «Республика» менен КСДП партиясы бириксе, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ата Журт» биригиптир.
«Баарынан да Ош жергесинде шайлоо абдан кыйын кырдаалда өтөт деп чочулагандар болууда. Мелис Мырзакматовго Акматбек Келдибеков, Марат Султанов, Адахан Мадумаров өңдүү акелери шайлоодо катуу туруп беришээрин билдирип, «биз сени колдойбуз. Сен үчүн баарына даярбыз. Коркпо!» деп дем берип, кол кысышыптыр», - деп жазат гезит.
Гезитте жазылгандай, алардын эң негизги атаандашы болгон «Республика» менен КСДП партияларынын абалдары Ош шаарында оор болуп жатыптыр.
Аны менен катар бул жолу да түндүктүк, түштүктүк партия болуп ачык эле бөлүнүп-жарылуулар болуп жатканы байкалып жатыптыр.


































Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (57)