Баракелде - Бүгүн, 3-февраль күнү Ош облустук кинодирекциясында 2011-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Ага облустук администрациясынын тиешелүү адситери жана райондук кинодирекциялардын жетекчилери катышышты. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Анда жыл жыйынтыгы боюнча мыкты иш алып барган Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун кинодирекцияларынын жетекчилерине сыйлыктар тапшырылды.
Ош обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, мындан сырткары, 2012-жылга иш-чаралардын планы бекитилди.
Ош облустук кинодирекциясынын директору Адылбек Сарыбаев билдиргендей, өткөн жылы алар тарабынан 35 миң көрүүчүгө 14 кыргыз көркөм тасмалары тартууланган. Натыйжада 365 миң сом акча каражаты чогулган.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)