
Баракелде - Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов ууланган көмүрлөр үчүн кызматынан кетиши керек, деп билдирди «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 3-февралда фракциянын жыйынында.
«Өкмөт 3 айдан бери ууланган көмүрдү кармап отурат. Мектептерге уулуу көмүрдү түшүрүп берди. Бул чоң мамлекеттик кылмыш. Өкмөт буга түздөн-түз жоопкерчилик тартуу керек. Мамлекетке чоң зыян келтиргендиги үчүн кылмыш ишин козгосоңор болот. 3 айдан бери уулуу көмүр бар экендигин билип турган өкмөт башчысы Ө.Бабановду баш кылып, башкы прокурорду төш кылып отставкага кетириш керек. Бабанов 3 айдан бери унчукпай отурат», - деди ал.
К.Ташиев билдиргендей, мектептерге уулуу көмүрдүн жагылышы уят эле иш. Ошондуктан, тез аранын ичинде ал уулуу көмүрдү көмүү жана утилизациялоо маселесин чечиш керек. «Эгерде өкмөт муну кылбаса, элдерге кайрылып, элди көтөрүп, аны каматабыз. Эртеңден баштап Бабанов кызматынан кетиши керек», - деди депутат.
Ошондой эле ал премьер-министрдин пресс-катчысы С.Каназаровду суракка алууну талап кылды. «Буга чейин С.Каназаров көмүр тууралуу менин айткандарымды калп деп айтып чыкты. Мектептерде, социалдык мекемелерде уулуу көмүр жагылып жаткандыгы тастыкталып жатат. Өкмөттүн башындагы төөнү көрбөй, менин башымдагы чөптү көргөн С.Каназаровду суракка алууну өтүнөм. Же аны жекеме жеке чакырайынбы? Бабанов күнүгө телевизордон түшпөйт. Элдерди уулантып отурса, анын эмнеси пайда. Өкмөт башчысына кабинет гана берилген эмес, укук жана милдеттер берилген. Ошондуктан, мен бүгүн президентке кирип, Ө.Бабановду кызматтан кетиришин талап кылам», - деди ал.
Натыйжада бул маселени фракция мүчөлөрү жалпы жыйындын күн тартибине киргизүү боюнча чечим чыгарышты.
Тема боюнча: К.Ташиев Ө.Бабановго карата койгон айыптоолордун далилин келтирсин, – өкмөт









штуктар уже тууган эмес, кобунчосу ачык сепаратизм, мамлекетти катастрофага алып бара жаткан адамдарды эле угушат.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (94)