Баракелде - Бүгүн, 3-февралда мамлекеттик дин комиссиясынын директору болуп шайланган Абдилатиф Жумабаевге мусулман жамааты бата берди, деп билдирди Кыргызстан Мусулмандар диний башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Жума хутбасы аяктаган соң Муфтий Чубак ажы Жалилов жаңы мүдүрдү элге тааныштырып өттү. Абдилатиф мырзага Аллахтын жардамы болуп иши берекелүү болооруна муфтий ишенээрин айтты.
Себеби, пайгамбарыбыз Мухаммад алейхиссаламдын хадисинде айтылат «ким кайсы бир мансапты эңсеп жүрүп, суранып жүрүп ага жетсе – ишинин жоопкерчилиги толук өзүнүн мойнуна илинет (Аллахтан жана адамдардан жардам болбойт). Ал эми кимде ким бир орунга суранбастан отургузулган болсо – ага Аллахтын жардамы болот», деп белгилейт басма сөз кызматы.
А.Жумабаев бул кызматка үстүртөн дайындалып келгенин жана ошого жараша Аллахтын да жардамы болоорун Азрети Ммфтий белгилей кетти.
Өз учурунда Абдилатиф Жумабаев Муфтият менен кызматташып турууга, дин комиссиясы менен муфтияттын ортосундагы чыр чатактарга экинчи жол бербөөгө аракеттенерин айтты.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)