19 май 2012, 20:44
 
Каттоо


 
Ө.Бабанов акимдерди шайлоо процесси боюнча кайрылуу жасады
03 февраль 2012, 18:00

Баракелде - Премьер-министр Өмүрбек Бабанов райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын – акимдерди шайлоо процесси боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылууда жазылгандай, Ө.Бабанов өкмөттүн программасын, иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, жаңы Конституцияга жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдердин кызматына талапкерлерди көрсөтүү туурасында чечим кабыл алды.

Мамлекеттин өнүгүүсүнүн демократиялык принциптерин сактоо жана тандоо эркиндигине болгон укукту камсыздоо менен райондук кеңештердин кароосуна акимдердин кызматына 3төн талапкер киргизилген.

Өкмөт башчы белгилегендей, талапкерлердин тизмеси саясий партиялардын, жергиликтүү бийлик органдарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен жана өкмөт бекиткен квалификациялык талаптарга ылайык түзүлгөн.

«Тилекке каршы, айрым райондордо бул процессти саясатташтырууга аракеттер жасалып жатканы байкалууда. Акимдерди тандоо ачык-айкын, объективдүү жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын кийлигишүүсүз өтүшү керектигин баса белгилеп койгум келет», - деди Ө.Бабанов.

Ошондо эле райондук кеңештердин депутаттарын акимдерди тандоо процесстерине кийлигишүүгө болгон аракеттерге бөгөт коюп, объективдүү жана туура чечим кабыл алып, талапкерлердин ичинен татыктуусун тандап алууга чакырарын билдирди.

«Мен укук коргоо органдарына акимдерди тандоо процессине ар тараптуу көз салып, шайлоо процессинде мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз убагында жана ыкчам чараларды көрүүгө тапшырма бердим. Акимдерди тандоо демократиялык нукта, ачык-айкын жана жогорку уюшкандык деңгээлде өтүшү керек», - деди премьер-министр.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (8)

Artur 9:54:37 (06-02-2012)
ну и что илгерки кайрылуулардан башка нерсени билбейби бул бийликтегилер. жанысы жон гана эл алдында отчет берип таза иште. анан мага десе самолет минип ал. Курултай керек бизге!
aliev 16:10:34 (05-02-2012)
Айдай туура кыласыз, мекенчил, таза болсоңуз эл учун иштениз, барынар кол шилтеп чекеге чыга берсенер алдымжуттумдар бийликке келип калат сиз бийликке эмес элге ишениңиз грамотный экениниз жазган комментеринезден байкалып турат, ийгилик сизге
Solomon 11:08:10 (05-02-2012)
Aidai, сиз куру кыял, андыктан куру ойлор жана убарекерликтин жетегине берилдинизби? Нан учун нанкор ууруларга жалдыраганыныз кандай? Намыс кайда? Намыс немис эмеспи?
Solomon 10:59:12 (05-02-2012)
Жен ичинен Кыргызстандын жерлери Озбекстанга уурулукча сатуу онокотко айланган.Мындай нерсе башка жерлерде да адаттагы корунуш болуп калды. Уурдаганга бардык жерде Элдик байлык бар. Алар жер байлыгы,кен байлыгы,эмгек байлыктары,бюджеттен пенсияга,айлыка жана ар кандай чарба максатында болунгон акча байлыктары. Койулган бок-чоктор ошол байлыктарды уурдап,жарымын жогору жактарга узатып туруш керек да. Бул азыркы болбогон бийликтин иши!
Senator 9:35:59 (05-02-2012)
Бабанов- аферист! Ишенбегиле!
DuST 21:12:50 (03-02-2012)
Мы за Элдияра Кадыркулова Эл биримдик партиясы. Эльдияр Кадыркулов вперёёёёёёёёёёёёёёёёд
KYRGYZ_HAN 20:14:17 (03-02-2012)
Кадамжай району Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешип турат жана Шахимардан, Сох анклавдары да ушул райондун чегинде. Карайлаган калк чек ара маселелеринде кыйналып келет. Ошондуктан бул районго эптеп эле аким атына ээ болго адамды эмес, элдин ишенимине кирип, ап балии ата уулу деген адам акимдикке келиши керек. Мына ошондой адамдардын бири Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Токторов Махмуд. Кыргыз мамлекетин көзгө илбей улам берилеп жерибизге кирип келе жаткан Өзбектерден тарых менен документтерге такап туруп кыргыздын жери деп бир канчалаган гектар жерлерди кайтарып алып жаш үй-бүлөлөргө чек катары таратып берди. Кумсарган айыл өкмөтү бүгүнкү күндө районэмес республикадагы алдыңкы айыл өкмөттөрүнүн көч башында. Инвестиция маселесин да жолго койгон. Иш билги жетекчи келгенден бери айыл ичи шаар кейпине келгендей болду. Айыл өкмөтүнүн аражтынан участкалык милиционерге Тико үлгүсүндөгү машина, айылга кире беришке дарбаза, атактуу Курманжан датка энебизге эстеликтер орнотулду. Айыл ичиндеги жетишпеген үй-бүлөлөргө ар дайым жардамдар берилип турат. Мына ушулардн баары жетекчинин иш билгилигинен кабар берип турбайбы. Бул адамды Кадамжайга аким эле эмес Баткен облусуна губернатор кылганга да татыктуу, бирок Өкмөт өз адамын коюп турбаса болбойт тура. Кантсе да эмки акимди шайлоодо Токторов Махмуддун кандидатурасын да көрүүгө куштарбыз.
Aidai 19:42:15 (03-02-2012)
Өмүрбек Токтогулович, албетте бул кайрылууну аппараттагы маалымат саясатын башкарган Каназаров жазганы белгилүү.Таза, мекенчил, уурдабаган, эл менен иштей алган, гендер саясатын эки колдоп колдоймун десеңиз, жөнөтүңүз любой районуңа барып, любой жигитиң менен интеллектуалдык деңгээлде теңтайлашып иштеп бергенге дараметим, ыкыбалым да жетет, бирок 3 талапкердин бири акчаны алдыртадан таркатып койсо, акчалуунуун чөнтөгү утуп кетет, калп эле саясий спектакль уюштурган шоунун мага кереги жок. Сөзүңүз чын болсо Чоңүйдөн жолугушалы, расмий жообуңузду күтөмүн
 
19 май 2012
13:03   Т.Жаныкеев, «Ата Мекен» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү: «Демократиялык альянстын» негиздөөчүсү Р.Жээнбеков эмес
18 май 2012
13:00   Ош шаарынын казысы шариаттык жана мыйзамдык одоно каталыктары үчүн кызматынан бошотулду11:59   Т.Зулпукаров Ошто А.Сулаймановдун электоратын бөлүп-жарууга даярдалып жатканы айтылууда11:35   Ж.Сааданбеков оңой «карышкыр» эмес, - «Агым»11:26   Темир генерал Ф.Кулов чарчады, - «Агым»11:21   Банк ячейкаларынан алынган акчаларды кайра ордуна коймоюнча, коррупция менен күрөшүү кампаниясы – блеф, - Ж.Жолдошева11:13   М.Аскарбеков ЖоКедеги таасирдүү депутатка кирип, кезектеги «тапшырма» алганы айтылууда11:04   Ү.Сыдыков уулу Бакытка «Манас» аэропортунун жетекчилигин алып берүүнүн камын ойлоп атыптыр10:57   А.Келдибеков: Премьер-министр шоу көрсөткөндөн башка эч нерсе көрсөтпөдү, андай болсо пиар кылуу, мода көрсөтүү статьясын ачып коелу10:49   Ө.Бабанов премьерликке келгенден бери мамрезиденцияда жашоо «өтө шаңдуу» өтүп жатыптыр10:36   Жогорку Кеңештин делегациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапары аяктады10:21   А.Мадумаров митинг уюштурат10:01   Башы бирикпеген жасалма оппозициянын соодасы бүттү, - «Ачык саясат»10:01   Учкунбек Ташбаев уча турган болуп калды окшойт, - «Жаңы Ордо»09:41   Ө.Суваналиев «кечээки жакшылыкты унутуп, бүгүн башкача иштеп жаткан Ө.Бабановго жол болсун» деп жатыптыр09:32   ИИМге интрига салгандар
17 май 2012
15:29   Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Ж.Нурумбетова шайланды14:35   Кадыржан Батыров Варшавадан үн катты14:15   Н.Түлеев В.Путиндин инаугурациясына бардым деп калп айтыптыр14:00   Ө.Текебаевдин чөнтөгү жукарса эле көңүлү сууп баштайт тура, - «Асман пресс»13:25   Банк уячасынан алынган акчалар кайда сиңген?12:03   И.Пирматовго «компроматтар согушу» кайрадан жанданды11:54   А.Сулайманов менен Б.Наргозуев Түркияда барандуу фигуралар менен жолугушуптур11:33   Депутат Д.Тербишалиев популист, - «Асман пресс»10:27   Б.Талгарбеков оппозициянын көмүскөдөгү «кадрлар бөлүмүнүн жетекчилигин» аркалаган кези, - «Асманпресс»10:23   А.Мадумаров кимге нааразы?10:19   К.Бакиевдин туугандары А.Жээнбековго нааразы болду09:58   А.Мадумаров: Эл ушул жашоосуна ыраазы болсо жашай берсин, кийин бизди айтпады дебесин09:58   Депутат С.Жапаров: Аксы окуясына күнөөлүү З.Кудайбергенов КСДП фракциясынын атын сатып жатат09:38   А.Мадумаров: Ө.Бабанов азыр анча-мынча калган жерлерди менчиктештирүү, сатуу саясаты менен алек08:28   «Учур» гезити Ө.Текебаев тууралуу чыккан маалыматты төгүндөдү08:25   «Фабула» гезити менен «Ата Мекен» партиясынын лидери сотто жарашты
16 май 2012
17:30   Укук коргоочу К.Булатов: Миллион долларга чейин акы берип, кылмышкер топтор парламентке киришти16:58   К.Ташиев: Мурзалиевдин, Аблабековдун артында Бабановдун жана Отунбаеванын аты айтылып жатат15:58   Укук коргоочу К.Булатов: Кыргызстандан 5 млн доллар талап кылып келген чечендерди Рысбекке өлтүртүшкөн15:03   «Кыргызалтындын» кыңыр иши билине баштады13:23   К.Исабеков өкмөттү, Башпрокуратураны жана Каржы министрлигин сотко берди12:52   Ө.Бабанов түштөн кийин Кара-Суудагы аймактык оорукананын ачылыш аземине катышат12:48   Депутаттардын кызматтык үйлөрдү приватташтырып алууга бөгөт койгон норма иштелип жатат12:44   Депутат К.Ташиев Кыргызстандан 6 млн доллар акча чыгарылып кеткендиги тууралуу маалымат берүүнү талап кылды12:43   А.Атамбаев В.Путинди Кыргызстанга чакырды (фоторепортаж)12:25   Ө.Текебаевден И.Пирматовго сюрприз12:07   С.Жапаровдун жүзү ачылды, - «Кереге»11:56   А.Келдибеков оппозиция лидерлеринин арасынан аброю өйдө тураарын далилдейин дептир11:47   А.Мадумаров демөөрчүлөрдү издей баштаптыр, - «Кереге»10:21   Жогорку Кеңеш К.Момбековду кайра Жогорку соттун судьялык кызмат ордуна койду
15 май 2012
15:32   Б.Жетигенов: Кумарканалардан акча жасагандар кайрадан ачтырууга кызыкдар болуп жатышат15:18   «Балык депутаттардын» башы бирикти14:57   Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө талаптар күчөтүлүүдө12:45   Депутаттардын мыйзам жазганынан дагы кызматка чыкмагы азап болду, - «Фабула»
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2012
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.