Баракелде - Экономиканы тескөө жана антимонополияны жөнгө салуу министри Темир Сариев жөн отурбай, «Ак шумкар» партиясын келерки парламенттик шайлоого катуу даярдап жатыптыр. Бул тууралуу «Ачык саясат» гезити 3-февралда чыккан санында жазган.
«Сыягы жаз алды менен митинг, пикеттердин саны арбып, сотторду тандоо кеңешине нааразычылык күч алып, президент Алмазбек Атамбаев парламентти таркатууга аргасыз болот окшойт», - деп жазат гезит.
Анда жазгандай, саясий оюн да болушу мүмкүн. А.Атамбаевдин пикирлеши Т.Сариев өзүнүн командасына жакын арада парламент тараарын билдирип жатыптыр.
«Демек, Т.Сариевдин бир билгени бар болушу мүмкүн. Ошентип, Т.Сариев Бабановдун өкмөтүнүн арабасын тарткандын ордуна, өзүнчө саясат менен алектенип жаткан кези дешет. Минтип отурса, Бабановдун жүз күндүк программасынын жүзү кетип калаары бышык», - деп жазат гезит.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (4)