Баракелде - Кечээ, 7-февралда Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Өзгөн районунун Мырзаке айылдык округуна барды. Анын алкагында жетекчи жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын чечилбей келген көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Мырзаке айылынын тургундарынынын айтымында, айылдык Адыр мектебинин курулушу акча каржатынын тартыштыгынан токтоп турат, трансформаторлор жетишпейт, таза суу жана жайыт маселеси да чечилбей келе жатат. Айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча облус башчысы жергиликтүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Ош обладминистрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, мындан сырткары, жергиликтүү тургундар айылдык оорукана жеке менчикке бериигени жаткандыгын айтып, кабатырланышты. Бирок губернатор медициналык мекеме эч качан жеке тарапка берилбей тургандыгын белгилеп өттү.
Жолугушууда Мырзаке айылынын жашоочулары өкмөт тарабынан берилип жаткан жети пайыздык насыяларды берүүнү тездетүүнү губернатордон өтүнүштү.
«Насыялар коммерциялык банктар аркылуу эмес, айыл өкмөтү тарабынан берилсе жакшы болмок. Анткени банктар аркылуу шарты жакшы, бай үй-бүлөлөр да акча алып алышат. Ал эми жергиликтүү бийлик насыяга ким муктаж экендигин жакшы билет», - дешет алар. Бул маселе учурда кыргыз өкмөтү тарабынан каралып жаткандыгын белгилеген С.Жээнбеков насыялар жакынкы келечекте айыл өкмөтү тарабынан таркатылыш мүмкүндүгүн айтты.
Ошондой эле облус губернатору өкмөттүн алдыдагы жасай турган иштери жөнүндө кыскача баяндап өттү. «Парламент, президент жана өкмөт толук кандуу иштеп баштады, андыктан сиздер айткан маселелер чечилип, айыл турмушу бир кыйла оңолот»,- дейт С.Жээнбеков.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)