Баракелде - Белоруссиянын башкы прокуратурасы Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди берүү тууралуу өтүнүчтүн оригиналын ала элек, деп билдирет Белорусиянын башкы прокуратурасынын маалымат башкармалыгынын начальниги Петр Киселев, деп жазат Новости-Казахстан сайты.
Анын айтымында, өткөн жумада Кыргызстандан факс аркылуу өтүнүч жиберилген. «Ал жерде 18 беттен турган тиркеме жөнөтүлөт деп айтылган. Бирок биз ушул кезге чейин тиркемени да, оригиналды да ала элекпиз»,-деп түшүндүрөт Киселев.
Белорусиянын башкы прокруратурасынын расмий өкүлү Бакиевди берүү тууралуу маселени чечүү үчүн анын күнөөлүү экендигин далилдеген кылмыштык материалдар зарыл экендигин билдирди.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)