19 май 2012, 20:54
 
Каттоо


 
Июнь окуясын тутанткан сепаратисттерди Кыргызстанга алып келүү канчалык реалдуу?
20 февраль 2012, 10:19

Баракелде - Июнь окуясын тутанткан башкы каармандардын бири делген Кадыржан Батыров бир нече күн мурун маалымат каражатына интервью берип, 2010-жылдагы кайгылуу окуяга эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, Убактылуу Өкмөт өзү күнөөлүү деп билдирди. Бирок эки улуттуу чабыштырган сепаратисттин мындай кылыгы коомчулук арасында кызуу талкууланып, ошол эле Кыргызстандагы күч органдары эл аралык издөөдө жүргөн июнь окуясынын уюштуруучуларын өлкөгө алып келип жазалоого аракеттер жүрүп жатканын айтышты. Ал эми Ошко расмий иш сапар менен барган президент Алмазбек Атамбаев июнь окуясында чыныгы куноолуу ким? - деген суроого жооп жакынкы күндөрү табылаарын билдирип, Ош окуясы боюнча кайрадан ийне- жибине чейин иликтөө боюнча тапшырма бергенин кошумчалады. Урматтуу радиоугармандар Июнь окуясын тутанткан деген өзбек сепаратисттерин Кыргызстанга алып келүү канчалык реалдуу? "Биринчи радионун" Сереп уктуруусу бол Суроого жооп издейт.

Июнь окуясында кимдин күнөөсү бар, жана ким канчалык денгээлде жоопко тартылыш керек деген суроо эки жылдан бери ачык келе жатат. Аталган окуясы 1 эмес 5 ар кандай комиссия иликтегени менен бүгүн анын жыйынтыгы ишке ашып жатат деп айтуу да аша чапкандык болуп калат. Ошондой эле окуяны териштирген акыркы депутаттык комиссия, атайын токтом кабыл алып, өкмөткө аткарууну буйруган. Эки жума мурун токтомдун аткарылышы тууралуу жооп алган депутаттар, күч органдарынан да өкмөттөн да канааттандыраарлык жооп албаганын айтышып, аны аягына чейин аткарууга Жогорку Кенеш өкмөткө дагы бир ай убакыт берди. Бирок, башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, Жогорку Кенеш токтомго айрым аткара албас пункттарды да кошуп койгон.

А.Салянова: (Токтом 100% аткарылат деп айта албайм. Себеби арасында Бакиевди жана жакындарын издеп, кармап, алып келигиле деген пунту бар. Бирок Бакиев Белоруссияда жарандыгын алып алды, ошондой эле ал жактын бийлиги да бербейбиз деп жатат. Бул учурда прокуратура алсыз. Ал эми буларды эске албаганда токтомдун жарымынан көбүн аткарып койдук.)

А бирок, июнь окуясын уюштурду деген Батыров, Салахудино, Абдрасулов сыяктуу негизги өзбек улутунун сепаратисттери издөөдө жүргөнү менен Кыргызстанга келип кетип жүрүшөт деген маалыматтар бар деп, депутат Акылбек Султанов токтомдун аткарылышы тууралуу угууда айтканы бар. Ошондой эле алардын бизнестери Кыргызстанда жүрүп жатат, ал кимге катталып иш алып барып жатканы да белгисиз

А.Султанов: (Салахуддинов былтыр жайында Кыргызстанга күйө баласы каза болгондо келип кетти деген сөз болуп жатат. Ошондой эле Ином Абдрасулов да үйүнө келип кетип эле жүрөт деген сөздөр айтылып жатат. Булардын бизнестери да бүгүнкү күндө иштеп жатат)

Прокуратурада мындай маалыматтар жок болуп чыкты. Ал эми бизнестерине арест коюлганын Аида Салянова айтат. Мындан башка аталган сепаратисттер азыр кайда жүргөнү белгисиз.

А.Салянова: (Бизде Салахуддинов менен Абдрасулов келип кетип жатат деген маалымат жок. Экөө тен эл аралык издөөдө жүрөт. Батыровдун мүлкүнө арест салынган. Ошондой эле Кадыржан Батыров Швециянын жарандыгын алып алды деген маалымат Украинадан келген, бирок ал тактала элек.)

Бул учурда негизги кайгылуу окуяны козутуучу Кадыржан Батыров “кжинфо” маалымат булагында жайгашкан акыркы интервьюсунда Швецияда эле жашап жатканын айтат. Ошондой эле анын айрым бизнеси учурда Кыргызстан косманавты Салижан Шариповго катталып иштеп жатканын кошумчалайт. Мындан башка ал июнь окуясынын башында Убактылуу Өкмөт турганын айтып, ал эми Батыров өндүүлөр алардын куралына айланып калганын кошумчалайт.

К.Батыров: (Ооба Швеция өлкөсү мага башпаанек берип азыр ушул жердемин. Менин Кыргызстандагы бизнесимди айрымдарына арест салып койушту, бирок кээ бирлери Салижан Шариповго катталып калды. Мен билбейм ал кайсы мүлктөрүм экенин себеби көбүн эсе аялымдын мүлктөрү катталыптыр.)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атаханов эл аралык издөөдө жүргөндөргө УКМК интерпол аркылуу атайын операцияларды жүргүзүп Кыргызстанга алып келүү чаралары пландалып жатканын айтты. Себеби президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, чара көрүүгө талаптарды катуу койгонуну кошумчалады.

Ш.Атаханов: (Биз колдо бар мүмкүнчүлүктүн бардыгын колдоно элекбиз. Жакынкы убактарда июнь окуясын уюштурду деген кызыл тизмеге алынган адамдарга атайын операцияларды жасаганы жатабыз.)

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев июнь окуясы тууралуу күч түзүмдөрүнө окуяны толугу менен кайрадан карап, хронология менен тактоосун тапшырма берди. Учурда Ош шаарындагы эл менен жолугушуусунда Июнь окуясынын күнөөлүлөрү аныкталып жазаланаарын айтат.

А.Атамбаев: (Республикада коомдук коопсуздукту чындоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү тууралуу указга кол койдум. Анын ичинде июнь-апрель окуяларын хронологиялык тартипте иликтеп чыгуусун тапшырма кылдым. Себеби буга чейин Атамбаев Батыровдун дачасына барып чай ичти деген маалымат чыгып кеткен. Эми чындап эле ким барганын биз иликтейбиз. Биз көрдүк өткөн жылы деле Батыровдун өкүлү косманавт Салижан Шарипов деген бул жакта жүрүп, президенттик шайлоодо да бир талапкерди колдоп жатты. Керек болсо мүлкүн да өзүнө каттаттырып алыптыр)

Кайгылуу окуяны ийне- жибине чейин иликтеп ким болбосун ээлеген ордуна жана кызматына карабастан жоопкерчилкке тартылышы керектиги айтылат. Ал эми парламент март айында кайрадан токтомдун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну пландап жатат.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (9)

Artur 13:45:01 (21-02-2012)
Бардыгы жакында качат же турмого отурат УОттун мучолору жооп бериши керек!
Artur 13:44:38 (21-02-2012)
Сепаратистердин башы РОза, Атамбаев, Текебаев сыяктуу УОтун мучолору. Ал эми тигилерди алып келе албайт анда коту ачылып олбойбу булар. Ошондуктан алар издоодо да эмес. КАЛП!
Artur 13:40:31 (21-02-2012)
Убактылуу Окмоттун бардык баскынчылары жооп бериши керек. Ал эми Кадыров жана башкаларды булар издоого берген да эмес. Ошондуктан буларды олгондордун арбагы тынч койбойт жана азап тарткан элдин каргышы урсун!
aruulan70 21:49:21 (20-02-2012)
июнь окуясын убактылуу окмот оздору баштап койюп оздору ээ боло албай калышкан,кыныр иш кырк жылда дейт бирок ким жооп берерине аз убакыт калды коомчулук аз кундо баарына кубо болушат.
BMW999 15:42:32 (20-02-2012)
Ташиев эки ай прокурор болсо, элдин баардыгы камалып, Бекназаровдон айрымасы жок калмак.
Maximus-Decimus 12:49:48 (20-02-2012)
Aksy dosum Asha aygina chikpayt ayagina chyksa bul iwtin, Teke mene ozunu korot!
hkan 12:43:27 (20-02-2012)
Апрель-июнь окуяларын териштирсе азыркы коп атка минер уул кыздарыбыздын кобу камалмак.Бирок андай болбойт себеби оздору оздорун камайт беле,Саляновадан башка Ген прокурорго ылайыктуу эркек жокпу.Ташиев 2 ай прокурор милдетин аткарса анда башкача болот эле чиркин.
Caira 11:19:36 (20-02-2012)
Азыр жонокой адам эмес президент деле суйлоп коюп айткан созунун аягына чыкпай калды.Бул деген элди алдоо,сооротуу болуп саналат.Байкуш эл дагы деле умут менен кутуп жашай берет.А чиновниктер билгенин кылып жеп, жутуп,байып,уурдап,акыры чарчаган эл дагы кууп салат.ушинтип эле келе жатабыз.Качан таза президент келет.
Aksy 10:58:44 (20-02-2012)
Атамбаев ушул иштин аягына чыкса тарыхта аты алтын тамга менен жазылмак. Эгер чыга албаса Туркияга куулат.
 
19 май 2012
13:03   Т.Жаныкеев, «Ата Мекен» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү: «Демократиялык альянстын» негиздөөчүсү Р.Жээнбеков эмес
18 май 2012
13:00   Ош шаарынын казысы шариаттык жана мыйзамдык одоно каталыктары үчүн кызматынан бошотулду11:59   Т.Зулпукаров Ошто А.Сулаймановдун электоратын бөлүп-жарууга даярдалып жатканы айтылууда11:35   Ж.Сааданбеков оңой «карышкыр» эмес, - «Агым»11:26   Темир генерал Ф.Кулов чарчады, - «Агым»11:21   Банк ячейкаларынан алынган акчаларды кайра ордуна коймоюнча, коррупция менен күрөшүү кампаниясы – блеф, - Ж.Жолдошева11:13   М.Аскарбеков ЖоКедеги таасирдүү депутатка кирип, кезектеги «тапшырма» алганы айтылууда11:04   Ү.Сыдыков уулу Бакытка «Манас» аэропортунун жетекчилигин алып берүүнүн камын ойлоп атыптыр10:57   А.Келдибеков: Премьер-министр шоу көрсөткөндөн башка эч нерсе көрсөтпөдү, андай болсо пиар кылуу, мода көрсөтүү статьясын ачып коелу10:49   Ө.Бабанов премьерликке келгенден бери мамрезиденцияда жашоо «өтө шаңдуу» өтүп жатыптыр10:36   Жогорку Кеңештин делегациясынын Санкт-Петербург шаарындагы иш сапары аяктады10:21   А.Мадумаров митинг уюштурат10:01   Башы бирикпеген жасалма оппозициянын соодасы бүттү, - «Ачык саясат»10:01   Учкунбек Ташбаев уча турган болуп калды окшойт, - «Жаңы Ордо»09:41   Ө.Суваналиев «кечээки жакшылыкты унутуп, бүгүн башкача иштеп жаткан Ө.Бабановго жол болсун» деп жатыптыр09:32   ИИМге интрига салгандар
17 май 2012
15:29   Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Ж.Нурумбетова шайланды14:35   Кадыржан Батыров Варшавадан үн катты14:15   Н.Түлеев В.Путиндин инаугурациясына бардым деп калп айтыптыр14:00   Ө.Текебаевдин чөнтөгү жукарса эле көңүлү сууп баштайт тура, - «Асман пресс»13:25   Банк уячасынан алынган акчалар кайда сиңген?12:03   И.Пирматовго «компроматтар согушу» кайрадан жанданды11:54   А.Сулайманов менен Б.Наргозуев Түркияда барандуу фигуралар менен жолугушуптур11:33   Депутат Д.Тербишалиев популист, - «Асман пресс»10:27   Б.Талгарбеков оппозициянын көмүскөдөгү «кадрлар бөлүмүнүн жетекчилигин» аркалаган кези, - «Асманпресс»10:23   А.Мадумаров кимге нааразы?10:19   К.Бакиевдин туугандары А.Жээнбековго нааразы болду09:58   А.Мадумаров: Эл ушул жашоосуна ыраазы болсо жашай берсин, кийин бизди айтпады дебесин09:58   Депутат С.Жапаров: Аксы окуясына күнөөлүү З.Кудайбергенов КСДП фракциясынын атын сатып жатат09:38   А.Мадумаров: Ө.Бабанов азыр анча-мынча калган жерлерди менчиктештирүү, сатуу саясаты менен алек08:28   «Учур» гезити Ө.Текебаев тууралуу чыккан маалыматты төгүндөдү08:25   «Фабула» гезити менен «Ата Мекен» партиясынын лидери сотто жарашты
16 май 2012
17:30   Укук коргоочу К.Булатов: Миллион долларга чейин акы берип, кылмышкер топтор парламентке киришти16:58   К.Ташиев: Мурзалиевдин, Аблабековдун артында Бабановдун жана Отунбаеванын аты айтылып жатат15:58   Укук коргоочу К.Булатов: Кыргызстандан 5 млн доллар талап кылып келген чечендерди Рысбекке өлтүртүшкөн15:03   «Кыргызалтындын» кыңыр иши билине баштады13:23   К.Исабеков өкмөттү, Башпрокуратураны жана Каржы министрлигин сотко берди12:52   Ө.Бабанов түштөн кийин Кара-Суудагы аймактык оорукананын ачылыш аземине катышат12:48   Депутаттардын кызматтык үйлөрдү приватташтырып алууга бөгөт койгон норма иштелип жатат12:44   Депутат К.Ташиев Кыргызстандан 6 млн доллар акча чыгарылып кеткендиги тууралуу маалымат берүүнү талап кылды12:43   А.Атамбаев В.Путинди Кыргызстанга чакырды (фоторепортаж)12:25   Ө.Текебаевден И.Пирматовго сюрприз12:07   С.Жапаровдун жүзү ачылды, - «Кереге»11:56   А.Келдибеков оппозиция лидерлеринин арасынан аброю өйдө тураарын далилдейин дептир11:47   А.Мадумаров демөөрчүлөрдү издей баштаптыр, - «Кереге»10:21   Жогорку Кеңеш К.Момбековду кайра Жогорку соттун судьялык кызмат ордуна койду
15 май 2012
15:32   Б.Жетигенов: Кумарканалардан акча жасагандар кайрадан ачтырууга кызыкдар болуп жатышат15:18   «Балык депутаттардын» башы бирикти14:57   Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө талаптар күчөтүлүүдө12:45   Депутаттардын мыйзам жазганынан дагы кызматка чыкмагы азап болду, - «Фабула»
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2012
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.