Баракелде - Койсун Курманалиева Талас облусунун губернаторлугунан кетиши керек. Мындай талабын бүгүн, 21-февралда Талас облусунун тургундарынын атынанбыз деген жарандар маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымдарында, губернатор өз кызмат абалынан пайдаланып, облуска зыян келтирип, бир топ туура эмес иштерди жасаган.
«Ал өз ишин баштаганда эле коррупциядан баштаган. Губернатордун орун басары жашай турган кызматтык үй деген статус берилип, мамлекеттик мүлк катары катталган үйдү өзүнө менчиктештирип алган. Андан соң бул кылмышын жашыруу максатында ал кызматтык үйдү буздуруп салган», - дейт Талас облустук революцияны коргоо комитетинин төрагасы Соотбек Токтогазиев.
Анын айтымында, мындан сырткары К.Курманалиева айланасына жалаң өзүнүн кишилерин коюп, иштин жөнүн билип, көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди кызматтан бошотуп жатат.
«Облустук ипподромдун жетекчисин кызматынан кетирип, анын ордуна өзүнүн кишисин койгон. Ал болсо андагы 4 таза кандуу жылкыны сатып, анын ордуна базардагы жөнөкөй эле бир жылкыны сатып келип койгон. Анын мындай иштери көп, бул бирөө гана», - дейт С.Токтогазиев.
Талас шаарынын тургуну Эрке Мураталиеванын айтымында, учурдагы губернатор обладминистрациянын кызматкерлеринин гана эмес, элдин да ынтымагын бузуп, бөлүп-жарып жатат.
«Таластын эли аял башкарчу эл эмес. К.Курманалиеваны алып кетишсин. Ага көпчүлүк эл каршы. Анын ордуна губернаторлукка татыктуу, эл сыйлаган адамды дайындашсын. Андай кылышпаса, радикалдуу жолдорго барабыз», - дейт Э.Мураталиева.
Кошумчалай кетсек, алар мындай талаптар жазылган катты президентке жана өкмөт башчысына жөнөтүшкөн.


Чындыгында эле Таластык туугандар акыркы жылдары губернаторго нараазылыктарын билдирип журушот. Шамал болбосо, чоптун башы кыймылдабайт деген чын соз окшойт...


















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (9)