Баракелде - «Азия ньюс» гезити 21-февралда чыккан санында жазгандай, акыркы убактарда вице-премьер-министр Аалы Карашев кечээки «Ак Жолдун» жүзүн сыйрып салып, КСДП терисин жамынып, саясаттагы оргу-баргы аракеттерин көрсөтүп жатыптыр.
«Башкасын айтпасак да, 4-мартта боло турган Ош шаардык кеңешине КСДПчыларды өткөрүү жандалбасына түшкөнү байкалып калды», - деп жазат гезит.
Басылма жазгандай, максаты — Ош мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүү экен.
«Анын алы келбейт го, анүстүнө А.Карашевди түштүк катмар колдобойт, туруктуу позициясы жок адамды коомчулук деле жактырбайт да. Чоң саясатта дайыма эле ойной берген болбойт, бир күнү аңга түшсө, ошол бойдон оңолбой калат го...», - деп жазат гезит.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)