Баракелде - Кечээ, 21-февраль күнү Ош шаарындагы жаш өспүрүм балдардын спорт мектебинде волейбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, таймаштын ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев, Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Шумкарбек Алимбаев катышты.
Д.Ходжаевдин айтымында, Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык, 2012-жыл «Жаштар жана билим жылы» деп жарыяланган. «Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги жаштарды ар тараптуу колдоого алышыбыз керек. Жаш муун – бул биздин келечегибиз. Ошондуктан жаштарды спорт тармагы боюнча да өнүктүрүү зарыл», - дейт ал.
Ал 2012-жыл «Жаштар жана билим» жылы» деп жарыялангандыгынын алкагында шаардык бийлик жаштар демилгелерин колдоо үчүн бардык күчүн жумшоого даяр экендигин билдирди.
Ш.Алимбаев «Биз жаштарды спортту сүйүүгө жана алдыга коюлган максаттарга жетүүгө умтулууга тарбиялашыбыз керек. Волейбол боюнча бул спорт турнири спортчулардын чоң ийгиликтерди багындыруусу үчүн стимул боло алат», - дейт.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)