
Баракелде - Башкы прокуратурдан билдиришкендей, Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттар оппозициялык «Ата Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жана аталган фракция мүчөлөрү Нариман Түлеев, Нурлан Сулаймановге карата прокуратуранын депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу көрсөтмөлөрүн карап чыгышы керек болот.
Белгиленгендей, Башкы прократура тарабынан 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин 30дан ашуун кылмыш иштери мурунку жогорку кызматтардагы чиновниктерге карата козголгон. Президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы жарлыгына ылайык, алардын көпчүлүгү боюнча иликтөө иштери жанданды.
Нурлан Сулаймановдун транспорт жана байланыш министри болуп турган кезинде Бишкек-Ош жолун салууда тергөөнүн версиясы боюнча бир канча млн сом уурдалган.
Ал эми Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда, базаны курууга берилген жер участогун мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталууда.
Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевге карата Башпрокуратура беш кылмыш ишин козгоду. Ага карата өз кызматтык абалынан пайдалануу жана мамлекетке 84 миң доллар зыян келтирүү айыптары тагылууда.
























Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (24)