Баракелде - «Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Акматбек Келдибеков 22-февралда билдиргендей, Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши «Бакиевдин убагында Максимдин буйругу менен» козголгон.
Анын айтымында, бул ишти бүгүн жаңы бийлик колдонуп жатат. Депутат белгилегендей, ал бардык материалдарды карап чыгып, Ташиевдин эч күнөөсү жок экендигине ынанды. «Келгиле анда аларга тиешелүү бардык иштерди көтөрөлү, мисалы, менчиктештирүү боюнча», - дейт Келдибеков.
Ал эми Н.Сулаймановго карата козголгон иш боюнча Келдибековдун айтымында, Бишкек-Торугарт жолун салуу эбак аяктаган. Эмне үчүн мурдатан бул тууралуу айтышкан жок?
Түлеевге коюлган айыптар менен Келдибеков тааныш эместигин билдирди жана кесиптештерине карата бул кылмыш иштерин «саясий буюртма» деп атады.
Тема боюнча: Башпрокуратура К.Ташиев, Н.Сулайманов жана Н.Түлеевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча парламентке кайрылды





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (12)