Баракелде - Мага карата кылмыш ишти жандандырганы — саясий буйрук же башкы прокурордун билиминин төмөндүгү, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов 22-февралда.
«Мага карата «Кыргызнефтегаз» ишканасы боюнча кылмыш ишин жандандырууга негиз жок болчу, себеби ал эки жолу токтотулган. Мен жоопкерчилик тартуудан коркпойм жана депутаттык кол тийбестигимден өз ыктиярым менен баш тартууга даярмын. Мен парламенте түзүлө турган комиссия объективдүү жана адилет чечим чыгарат деп ишенем. Комиссия түзүлсө, мен бул иштин артында ким турган адамдардын аты-жөнүн ачыктайм», - деди ал.























Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (15)