19 май 2012, 21:05
 
Каттоо


 
Кылмыш дүйнөсү Ш.Байзаков жана М.Жусупбековду жок кылуу аракеттерин баштады
22 февраль 2012, 12:39

Баракелде - Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков менен №1 тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбековго карата кылмыш дүйнөсү тарабынан кол салуу даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай маалымат бир жума мурун ыкчам кызматтар тарабынан келип түшкөн.

«Өкмөт бул иш боюнча билет, биз рапорт жазып жибергенбиз. Азыркы учурда ИИМ жана УКМК тарабынан буйрук берүүчүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат. Азыр Ш.Байзаковду эки жолдун бирөөсү менен кетиргилери келип атат, парламент аркылуу, же жалданма киши өлтүрүүчү аркылуу», - дейт А.Никсдорф.

Анын айтымында, бул №1-тергөө абагындагы камераларды жапканга байланыштуу.

Анын маалыматы боюнча, аталган тергөө абагында эле ай сайын 18 миң доллар «общактын» казынасына чогулуп турган. «Общактар» ачык камераларды аралап, камактагылардан акча талап кылып, жок болсо кыйнап, туугандарына телефон чалдырып акча суратып келишкен.

«Азыркы күндө №1-тергөө абагындагы бардык камералар жабылып, акча талап кылуу токтоду. Эгер ушундай камералар жабык боюнча калса кылмыш чөйрөсү болжол менен жылына 2 млн сом албай калышат экен. Мындай акчадан кур калып калбайлы деп сүйлөшүүгө аракет кылганынан майнап чыкпай, эми ушундай иштерге барып жатышат да», - деди А.Никсдорф.

Ал кошумчалагандай, кылмышкерлер Ш.Байзаковду кетирсе, анын ордуна алардын сөзүн уга турган башка бирөө келет деп жатышат.

Андан сырткары, А.Никсдорф Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилигине кол салуу аракети жүрүп жатканын Жаза аткаруу тармагында мурун иштеп кеткендердин ушагы эмес, ыкчам кызматтын билдирүүсү экенин баса белгиледи.

Анын маалыматы боюнча, учурда Жаза аткаруу тармагындагы жетекчилердин өмүрү үчүн канча каражат сунушталганы аныктала элек.

Twitter В контакте Мой мир facebook

Пикир калтыруу

Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгула

Сайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.

Пикир калтыруу үчүн катталуу маалыматын киргизгиле.

     
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо

Пикир (4)

askarov.76 20:10:41 (28-02-2012)
Байзаков азамат! Ал кызматында канчалык чекилик кетирбесин, кылмыш дуйносуно(атын очкур караларга) каршы согушканын жалпы журт колдоп турганы буга кубо. Ошо Токтокучук(кийиг эле Токон болуп алганын кара!)Мамытов баш болгон 3-4 депутат оздору эле уят болуп жатышканын сезишээр бекен? Же жеке амбициялары буга жол бербейби?
almazalatoo 17:05:41 (27-02-2012)
ai ushul chakaldar oozun tigichip tim koisonor bolmok oozun emes kochugun da tigichse jakchy bolmok.
Osh2012 16:27:41 (24-02-2012)
Байзаковду чукутуп жаткан депутат Токон Мамытов, себеби Байзаков анын бир тууган куйоо баласын, эн коррупционер, турмодогу баш аламандыкка козун жумуп, процентке отуруп жургон, зам ГСИН болгон, аны алып койгон. Эми минтип бут тозуп, коррупция менен курошуп жатканда депутаттар оздору бут тозот, акмактар баардыгын билип туруп кылган иштери ушул, эл шайлаган азаматтар ушундай коррупционер туугандарын колдоп бийликке бут тоссо, алардын элге кызмат кылганы кайсыл, жоготуш керек андай адамдарды.
KyrgyzManas 23:54:49 (22-02-2012)
Myndai er jigit adamdarybyzdy koldoogo alyp turmolordu oorduna koyushubuz kerek. Oto katuu kolgo alyp ele bir jurogup tushurup alyshsa boldu.
 
19 май 2012
13:04   Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу 10 миң сом пара менен колго түштү
18 май 2012
17:03   Ош шаарында мал союлуучу жайлар талапка жооп бербей тургандыгы аныкталды12:50   Ошто К.Көлбаевдин тобунун мүчөсүнөн 20 огу менен автомат табылды12:17   Лейлекте 18 жаштагы бала чагылгандан каза болду12:10   Баткен жана Лейлек райондорунда дагы сел жүрдү09:49   Төрт ай ичинде Кыргызстанда 3 тонна маңзаты кармалган09:12   Нарын дарыясына чөгүп кеткен аялдын сөөгү табылды09:10   Токтогул районунда жер семирткич тартып бара жаткан унаа оодарылып кетти
17 май 2012
11:06   К.Талиева: ИИМде подполковник кокусунан өзүн башка аткан деген маалымат анекдоттой болууда10:58   ИИМ: Милиция подполковниги Н.Абдырахманов байкабастан өзүн өзү чекеге атып алган09:46   Чүй облусунда көлмөгө чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды09:44   Нарын районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады, бири 3 жаштагы бала09:41   Нарын шаарында бир адам Нарын дарыясына чөгүп кетти09:37   Ново-Павловкадагы үйлөрдүн бирине жылан кирген09:36   Кара-Балтадагы өрттөн улам бир адам күйүк алды
16 май 2012
13:37   К.Осмоналиев: «Хизбут-Тахрир» диний агым эмес, ал исламды жамынган саясий партия13:11   ИИМде милициянын подполковниги иш ордунда өзүн-өзү атып өлтүрдү10:06   Жалал-Абадда өспүрүм балдардын массалык жаңжалынан экөө ооруканага жатып, алтоо убактылуу камакта09:07   Жалал-Абадда коррупцияга аралашты деген айып менен аким жана 1-вице мэр жоопкерчиликке тартылып жатышат09:00   Жалал-Абадда шалаакылыктан соода жайларында өрт чыгып жатат08:30   Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы коррупция тармагындагы кылмыштуулукту аныктады
15 май 2012
15:28   Түштүктө селден 318 турак жай кыйрап калуу коркунучунда15:22   Аскер сотуна М.Суталиновдун эки кылмыш иши бириктирилип берилди12:19   «Мегакомдон» ири көлөмдөгү каражаттарды өздүк кылып алуунун жаңы фактылары аныкталды11:34   Баткенде малдан адамга жугуучу оорулар көбөйүүдө11:30   Баткенде өспүрүмдөр кылмыштуулугун жана мектеп рэкетчилигин алдын алуу боюнча кеңешме өттү11:13   Кара-Суунун Топ-Терек айылында сел жүрүп, 6 үйдүн короо-сарайларына суу кирди11:03   Жаза аткаруу кызматы колоние-поселениелерди жоюу боюнча демилге көтөрүп жатат10:50   Жалал-Абаддагы окуу жайларда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө09:51   Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды
14 май 2012
16:47   Нарын облусунда өз жанын өздөрү кыйгандардын саны көбөйүүдө16:08   Шашылыш билдирүү: Өлкөнүн тоо этектеринде сел жүрүп, ойдуңдарды суу капташы мүмкүн13:17   ЖК комитети Башкы прокуратурага А.Бакиевге карата мунапыс берүүнүн укуктуулугун карап чыгуу боюнча тапшырма берди12:34   ЖК комитети Сот арачылар институтун Бишкекте жана Ош шаарында 2015-жылдан баштап киргизүү сунушун колдоду11:48   Кара-Сууда чагылгандан 10 жаштагы бала каза болду10:19   Базар-Коргондогу селдин чыгымдары эсептелип, кесепеттери жоюлууда (фоторепортаж)09:24   Баткен шаарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды09:17   Ош тургуну «героин», «гашиш» менен колго түшүрүлдү
11 май 2012
15:22   Ошто таштандылардын арасынан ымыркайдын өлүгү табылды14:30   Кыргызстан педофилдердин өлкөсүнө айланып бара жатабы?11:25   Бишкекте 35 жаштагы адам көпүрөнүн астына асынып алды (видео)11:09   Министр К.Боронов сел болгон аймактарда болду10:54   К.Көлбаевдин «Конко» аттуу жигити колго түштү
10 май 2012
13:10   Ысык-Көлдүн айрым райондорунда малдын шарп оорусу орун алууда10:26   З.Рысалиев: Эртеби-кечпи, Акмат Бакиевди да, Камчы Көлбаевди да кармап алып келебиз09:51   Орусияда өрттөн каза тапкан эки кыргызстандык жарандын сөөктөрү генетикалык экспертизадан өтүүдө
9 май 2012
11:58   Жумгалдагы «кутурмадан» кийин Баш-Кууганды айылында 346 ит, 93 мышык жок кылынды11:38   Сүлүктүдө 7 жашар бала селдин суусунан жайылган көлчүккө чөгүп кетти11:30   Бишкекте түтүнгө ууланган адам каза болду11:28   Куткаруучулар Казакстандан каза тапкан 16 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү үчүн жөнөп кетишти
 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189
Тел: +996 (312) 45 66 72
Факс: +996 (312) 65 02 04
E-mail: barakeldeorg@gmail.com
© «Баракелде» 2010-2012
«Баракелде» сайтында жайгашкан материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
Материалдарды жалпыга таратуу «Баракелде» редакциясынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.