Баракелде - Депутат Камчыбек Ташиев Кашкардан келген уйгур экендигин уктук, Барпы айылынын аксакалдарынан, деп жазат «Айкын саясат» гезити 22-февралда чыккан санында.
Гезитте белгиленгендей, Камчыбектин атасы Кыдырша, чоң атасы Таши экени белгилүү. Андан аркы бабалары белгисиз экен. «Бул деген тексиз дегенди билдирет», - дейт барпылык аксакал. Чоң атасы Таши Өзгөндө жашап турганда ичкилик канатынын Аават уруусунун ичиндеги Кыдырша деген урууга тууган болуп жабышып жүргөн экен. Кийин Барпы айылына көчүп келгенден кийин оң канаттын Багыш уруусунун, Ожубак уруусуна жабышып, тууган болуп алган.
Ташиевге убагында Багыштын Ожубак уругунун белгилүү инсаны Камбаралы (актив болуп жүргөн) деген киши көп жардам берип, Ожубак уруусунун ынтымагын кошуп жүргөн да жайы бар экен.
«Кыргыз элинен айланса болот, К.Ташиев «президент болом» деп жатканда эч ким аны «уйгурсуң» деп жээриген эмес. Кыргыз эч качан өз элин бөлүп-жарбасы шексиз. Ушул баштан Ташиевдин тизигинин тартып койбосо, «бир карын майды чиритип» койчу «бир кумалак» болуп калышы да мүмкүн. Анын аялы казак экенин да билебиз. Ошондой болсо да, элибиз ээн ооз депутаттын балдары жетилгенде аларды казак же уйгур деп ач айкырык, куу сүрөн салбасы дагы анык», - деп кошумчаланат гезитте.





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (10)