
Баракелде - Кечээ, 21-февраль күнү Ош технологиялык университетинин ЖОЖдор аралык Аскер факультетинде Ата Мекенди коргоо күнүнө карата атайын курсанттар конкурсу өткөрүлдү. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.
Бул иш-чара факультеттин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, ага ОшТУнун экономика жана инвестиция иштери боюнча проректору Урмат Аттокуров, «Жаштык» телестудиясынын директору Атакул Жалилов жана окуу жайда эмгектенген ооган согушунун ардагерлери катышты.
Конкурста 12 окуу взводу ат салышып, конкурстун атайын түзүлгөн жобосунда көрсөтүлгөн шарттарды аткарышты. 5 адамдан турган калыстар тобу иш алып барып, жыйынтыгында 1-2-3-орундарга татыктуу окуу взводдору аныкталды.
Ошондой эле ар бир окуу взводунун дубал газеталары да каралып, активдүү катышкан студенттер табылды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылып, факультеттин жетекчилиги тарабынан ушул сыяктуу конкурстар тез-тез өткөрүлүп тураары айтылды.
Белгилей кетсек, ЖОЖдор аралык Аскер факультети Ош технологиялык университетинин бир факультети болуп саналат. Ал 1998-жылы КРнын коргоо министрлигинин буйругу менен түзүлгөн.
Ал эми Аскердик факультеттин башчысы Миножидин Тошбековдун айтуусуна караганда, ушул эле күнү эрте менен Ош шаарындагы бала бакчалардын тарбиялануулары майрамга карата Аскер факультети, окуу куралдары менен таанышып кетишкен.
Фото: ОшТУ



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)