Баракелде - 24-февралда АКШ өкмөтү USAIDдин Сапаттуу саламаттыкты сактоо долбоору аркылуу Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Канада, Германия жана Америка Кошмо Штаттарынан келген эксперттердин катышуусу менен регионалдык тегерек стол өткөрөт.
АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда пенитенциардык системадагы инъекциялык баңги затын колдонуучулар арасында ВИЧтин жайылышын алдын алуу максатында метадон менен орун алмаштыруучу терапиясын (МАТ) пайдалануу талкууланат. Тегерек стол «Россия» бизнес борборунун 17-кабатында саат 9да башталат.
Азыркы учурда МАТ Борбордук Азияда кеңири пайдаланбагандыгы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму МАТтын инъекциялык баңги заттын колдонуучулары арасында ВИЧтин жайылтылышын алдын алуу учун пайдаланууну өтө маанилүү медициналык интервенция катары колдойт. USAID колдогон тегерек үстөлдө үч эл аралык эксперттен турган топ түрмө системасын ичинде жана анын сыртында МАТ программаларын киргизүү жана ишке ашыруу тармагында өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Аймактагы баңги затын колдонуу өсүп бара жаткандыктан, жугуштуу ийнени бирге пайдалануудан келип чыккан ВИЧ оорусун жугузуп алуу коркунучуна инъекциялык баңги заттын колдонуучулары айрыкча дуушар болот. Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги зат жана Кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча Борбордук Азияда болжолдуу 320 миң инъекциялык баңги заттын колдонуучулары бар. Кыргызстандын өзүндө эле инъекциялык баңги заттын колдонуучулары 2011-жылдын ичинде жаңы катталган ВИЧ оорулуулардын жалпы санынын болжолдуу 60%ын түзүшөт. Ушул программа аркылуу АКШ өкмөтү бул коркунучка айрыкча дуушар болгон ушул топтун арасында ВИЧтин жайылтылышын токтотууну көздөйт, деп белгиледи басма сөз кызматы.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)