Баракелде - Эгер Ш.Байзаковду кызматтан кетирсе, Жаза аткаруу башкармалыгындагы реформа жана коррупция менен күрөшүү тууралуу сөз кылбай эле коюш керек болуп калат. Мындай пикирлерин бүгүн, 22-февралда Жаза аткаруу кызматынын жетекчи кызматкерлери маалымат жыйынында билдиришти.
Алардын айтымдарында, эгер андай болсо, элдин да, жаза аткаруу тармагында эмгектенген кызматкерлердин да үмүттөрү өчүп калат.
«Буга чейин деле Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына көптөгөн жетекчилер келип, 1-2 жыл эч нерсе кылбай кетип калышчу. Генерал Байзаков келип, реформаны баштаганда биздин да ички демибиз көтөрүлүп калган. Эгер аны кызматтан алып салса, биз да кызматтан кетебиз», - дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Осмонбаев.
Аталган кызматтын Негизги ыкчам тартиптик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Арзымат Садыгалиевдин айтымында, учурда Ш.Байзаковду колдоо боюнча кызматкерлердин арасында кол чогултуп жатышат.
«Учурда генерал Байзаковду колдоо боюнча 90 кишинин колу чогулду. Дагы эле кол чогултуу уланып жатат, мындан да көп болот. Биз президент Алмазбек Атамбаевден, өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдон бул маселени чечип берүүнү суранабыз», - деди А.Садыгалиев.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (4)