Баракелде - Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын ичинде комитеттердин төрагаларынын орун басарларын шайлоодо чыр-чатак чыкканнын “арнамысчы” депутат Кожобек Рыспаев билдирди.
Айта кетсек, учурда парламентте комитет төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселесин каралып жатат жана бул боюнча эсептөө комиссиясы түзүлүп, иш алып барууда.
Маселе каралып жатканда спикер Асылбек Жээнбеков бир фракциядан эки депутат талапкерлигин көрсөтүп жаткандыгы туура эмес деп белгилеп, “жумшак рейтинг” өткөрүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматка “Ар-Намыстан” И.Гусаров жана К.Рыспаев талапкерлигин коюушууда.
“Ар-Намыстын” лидери Феликс Кулов бул эки депутаттын талапкерлиги фракция жыйынында талкууланып, талапкерлигин чыгаруу чечилген, деди.
“Чынында бул маселе боюнча чыр-чатак болгон. Мен ал фракция жыйынында катышкан эмесмин. Бирок эмнеге биз коркушубуз керек, эки депутаттын талапкерлигин коюп коелук, өтпөгөнү калат. Эмнеге биз мындан коркушубуз керек”, - деди К.Рыспаев.





















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)