
Баракелде - Оштогу «Нике жана үй-бүлө» борборунун гинеколог дарыгери Айгүл Айдосова «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысына билдиргендей, учурда Ош облусунда гуманитардык бойго бүтүрбөөчү каражаттардын жетишсиздиги үй-бүлөнү пландаштырууга өз кедергисин тийгизип жатат.
«БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) жыл сайын акысыз түрдө бойго бүтүрүүдөн сактануу каражаттарын таратат. Бирок жыл өткөн сайын жардамдын көлөмү азайып бара жатат», - дейт А.Айдосова.
Ал белгилегендей, 2010-жылы Ош облусуна 262 миң сомдук контрацептикалык каражаттар берилсе, 2011-жылы анын көлөмү 103 миң сомго түшкөн. Натыйжада калкттын аярлуу катмарындагы аялдарга акысыз бойго бүтүрбөөчү каражаттар жетпей жатат.
«Мына ушул себептен көпчүлүк аялдар бойдон алдырууга барып жатышат. Себеби сатыктагы контрацептикалык каражаттардын баасына караганда аборт жасатуу арзан», - дейт А.Айдосова.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)