Баракелде - Жогорку Кеңештен, өкмөттөн комиссиялар биринин артынан бири текшерип келе берип, биздин ишибизге тоскоол болуп жатышат, деп билдирди 22-февралда Жаза аткаруу мамлекетттик кызматынын бир нече жетекчи кызматкерлери маалымат жыйынында.
«Акыркы күндөрү эле ар кайсы жактан келип, 10 жолу текшерип жиберишти. Бир эле нерсенин үстүнөн кайра-кайра текшере берип, иштөөбүзгө тоскоол кылып, жумуштан алагды кылып жатышат, же эч нерсе табышпайт», - дейт Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кадр башкармачылыгынын жетекчиси Салтанат Саскараева.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Негизги ыкчам режимдик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Арзымат Садыгалиевдин айтымында, Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилигин алмаштыруудан башка өлкөдө, аталган кызматтын өзүндө да көйгөйлөр көп. Депутаттар ошол көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштөөлөрү керек.
«Мисалы, Беловодский айылына аялдар үчүн колонияга имарат турат, бирок аны оңдоп-түзөөгө каражат жок. Жалал-Абад шаарында тергөө абагы жок, аны ачыш керек. Андан сырткары, жаза аткаруу мекемесинде өндүрүш ачалы деп атканбыз. Андагы балдарга мектеп ачалы деген да ойлор бар болчу. Башка көйгөйлөр толуп атпайбы. Ошолорду карабайбы, бизди кайра-кайра текшере бербей», - дейт А.Садыгалиев.
Анын айтымында, бул иштердин баарын аталган тармакта мыйзамдуулукту орнотуу жакпай жаткан адамдар менен бир канча депутаттар, ошондой эле кызмат керек болуп жаткан, же Ш.Байзаковго өчү бар Жаза аткаруу кызматынын мурунку жетекчилери кылып, атайын абалды курчутуп жатат.
Ал кошумчалагандай, кээ бир эркиндикте жүргөн адамдардын шартына караганда, камактагылардын шарты жакшы.
«Камактагылардын кийимдери бир жылда 2 жолу алмаштырылып турат. Ал эмес биз, кызматкерлер анча алмаштырбайбыз. Тамак-ашы да жакшы. Алсак, карылар үйүндө күнүнө бир адамга 55-60 сом каралса, жабык режимде камалгандарга 78 сом, ал эми ооруп аткандарга 120 сомго чейин акча бөлүнөт», - дейт А.Садыгалиев.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)