Баракелде - Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.
Спикер өз куттуктоосунда билдиргендей, Кыргызстанда Ата Мекенди коргоо озуйпасы баардык учурда өтө ардактуу, жоопкерчиликтүү, ошону менен бирге эң башкы ыйык милдеттердин бири болуп саналат. Ата Мекенин коргоочулар ардайым жалпы эл тарабынан колдоо таап, кадыр-баркка арзыган.
«Эр жигиттин Мекен чегин тыш душмандан коргоо милдети канчалаган кылымдар кыйырын кырча басып келатса да, ушу кезге чейин башкы маанисин өзгөртө элек. Ошондон улам, элибиз мындан миңдеген жыл мурдагыдай эле, «Эр жигит – эл четинде – жоо бетинде» деп сыпаттоо менен өз коргоочусуна жогору баа берген», - дейт ал.
Заман өзгөрүп жаңы коркунучтар пайда болуп, жаңы шарттар жаралып жаткан өткөөл кезеңде кыргыз мамлекети казына каражаттарынын тартыштыгына карабастан, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып жаткан коргоочуларына, баарыдан мырда, чегара аскерлерине, Коргоо министрлигинин жоокерлери менен ички иштер органдарынын кызматкерлерине колдон келишинче колдоо көрсөтүүдө. Анын кайтарымы болоруна ишенебиз, деп билдирди А.Жээнбеков.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)