Баракелде - Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева паракор, коррупциялык иштери бар деген сөздөрдүн баары калп. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Талас облусунан келген топ маалымат жыйынында билдиришти.
Алардын айтымдарында, К.Курманалиева 7-апрелден кийин патриот катары эл арасынан суурулуп чыккан тажрыйбалуу жетекчи.
«К.Курманалиева чыныгы такшалган жетекчи. 7 жылдын ичинде 4 губернатор менен орун басар болуп иштеди. Кызматтан алынып калган орун басарынын минтип митинг өткөрүп, жетекчисинин артына көө жаап, ишине тоскоолдук кылганы туура эмес», - дейт Талас облусунун экс-губернатору Байымбет Мураталиев.
Анын айтымында, облустун балансындагы үйдү мыйзамсыз жол менен менчиктештирип алган деген сөздөрдүн баары калп.
«Ал кезде мен губернатор болчумун. Талас облусунун резиденциясынын жанында кароолчу жашай турган, 3-4 сотка жери менен кичинекей үй бар болчу. Ошондо К.Курманалиевага «жетекчинин үйү болуш керек, бала-бакыраң да бар» деп берип койгом. Ал албаса аны башка бирөө алмак», - дейт Б.Мураталиев.
Ал белгилегендей, бул чечимди да коррупциялык жол менен туура эмес чыгарттырып алган деген сөз да калп, бул боюнча чечим 2007-жылдары эле чыккан.
«К.Курманалиевага Талас облусунун элинин көбү каршы» деп айтышыптыр. Бул туура эмес, азыр көпчүлүгү жакшы иштеп атат деген баасын берет. Андан да элдин атынан сүйлөгөндөрү туура эмес. Ошондой эле кыйын болушса Таласка келип Элдик курултай өткөрүшсүн, ошондо эл ким кандай иштеп атканын айтат», - дейт Талас облустук революция комитетинин төрагасы Койлубай Сейитов.
Эскерте кетсек, кечээ, 21-февралда Талас облусунун элинин атынан келген топ облустун азыркы губернатору К.Курманаливанын ишмердүүлүгүнө сындарды айтып, аны коррупциялык жол менен облустун балансындагы үйдү менчиктештирип алгандыгын айтышкан.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)