Баракелде - БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Нарын облустук акимчиликтин биргелешкен үч күндүк кеңешме жыйыны 22-февралда башталды, деп билдирет аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин.
Маалыматка ылайык, алгачкы отурумда облустун райондорунда туризм багыттары боюнча маалыматтар угулду. Күндүн экинчи жарымында «Жаратылыш жана жакырчылык» демилгеси аттуу долбоордун менеджери Гүлнара Абдыкалыкова билдирүү жасады.
Анын айтымында, өткөн жылы башталып, 2013-жылы аяктоочу 970 миң доллар өлчөмүндөгү долбоорго Нарын облусу жана Суусамыр айыл өкмөтү пилоттук катары таңдалып алынган. Анткени аталган аймактарда жакырчылыктын чеги жогору болуп саналат, деди Г.Абдыкалыкова.
Бул долбоор БУУӨПтүн жана БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы тарабынан колдоого алынгандыгы да айтылды. Катышуучулардын алдында БУУӨПтүн Европа жана КМШ мамлекеттери боюнча аймактык кеңсесинин кеңешчиси Владимир Михалёв баяндама жасады.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)