Баракелде - Аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдиргендей, Нарын шаарында «Жумакем мугалимдин жүрөгүндө» аттуу» жандуу үн менен аткарылган концерт болуп, Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, 600дөн ашуун обон жараткан улуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларын Нарын шаарындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын мугалим тарбиячылары, мектеп окуучулары оркестрдин коштоосунда аткарып беришти.
К.Усуптегиндин айтымында, андан сырткары бир катар дасыккан жергиликтүү ырчылар залкар обончунун чыгармаларын көндүм болуп калган фонограмманын коштоосунда ырдап беришти.
«Жумакенин 96 жылдыгына арналган концертти өткөрүүнү шаардагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин музыка мугалими Максат Молдогазиев көтөрүп чыкты. Натыйжада шаардагы орто мектептер жана бала бакчалар демилгени колдоп, түшкөн каражатты Жумамүдүн атабыздын уюшула турган музейине которолу деп чечтик», - дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кубат Стамов.
Концерттин соңунда бир катар мыкты аткаруучуларга жана уюштуруучуларга шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Ж.Шералиев атындагы эл аралык кордун Ардак грамоталары ыйгарылды.
К.Стамовдун айтымында, Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин жамааты буга чейин бир канча жыл бою обончулардын бир алпы, Ж.Шералиевдин музейин салууну сунуштап келишиптир.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)