Баракелде - Нарын шаарында өткөрүлгөн «Ордо» оюну максатына жеткен жок. Мындай пикирин Нарын облустук «Ордо» оюну жана «Нарынбай» коомдук бирикмесинин лидери Жолдубай Сүйүнбаев аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегинге маалымдады.
Ж.Сүйүмбаевдин айтымында, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектеп окуучулар арасында улуттук «Ордо» оюнунун биринчилигин өткөрүү белгиленген. Бирок ал ойдогудай өтпөй калган.
Маалымат боюнча, 21-22-февраль күндөрү кийинки жаш муундардын арасында унутулуп бара жаткан улуттук оюндарды кайрадан жайылтуу, мектеп окуучулардын Ата Мекенге болгон атуулдук сезимин көтөрүү, «Ордо» оюнун мектеп окуучулар арасында жайылтуу жана аларга үйрөтүү максатында депутаттардын шаардык кеңеши, шаардык билим берүү, дене тарбия жана спорт бөлүмдөрү менен макулдашып, атайын жобо иштелип чыккан.
«Ал жобону шаардын мэри бекиткен. Бирок тилекке каршы шаардагы тогуз мектептен төрт гана мектептин окуучулары мелдешке катышышты», - дейт Ж.Сүйүнбаев.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)