Баракелде - Аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин Нарын шаарында «Кыргызстандын аймактык башкаруу» жөрөлгөсү талкууланып, анда негизги билдирүүнү «Коомдук технологиялар борборунун» эксперти Ахмат Мадеюев жасады.
Маалыматка ылайык, жыйында өлкөнүн администрациялык - аймактык түзүлүшү, эки деңгээлдеги башкарууга өтүү, бюджетти борбордон ажыратуу, өнүккөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун калыптандыруу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
А.Мадеюевдин маалыматы боюнча, райондоштуруу системалары округдук комитеттерге айландырылышы абзел.
«Натыйжада айыл өкмөттөр базар мамилесинин борбордук ролун ойногон шаарлардын жана танапташ жайгашкан райондордун курамдарында түзүлүп, жыйынтыгында Кыргызстанда 15-17 аймактык округ түзүү максаттуу болмок», - дейт А.Мадеюев.
Анын айтымында, ал үчүн 2012-2014-жылдары пилоттук алкакты камтыса, өткөөл учур 2015-2016-жылдарга туура келип, жыйынтыгында, 2017-жылы администрациялык - аймактык түзүлүш толугу менен жаңы нукка өтүшү шарт экен.




















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (1)