Баракелде - Аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдиргендей, 21-февралда Ысык-Көл обладминистрациясынын басма сөз борборунда «Сорос» фондунун колдоосу менен «Азаттык үнү» фонду жана облустук «Вентус» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик органдардан маалыматты талап кылуу» деп аталган тренинг болду.
Тренингдин негизги максаты - журналисттердин жана жарандарды кызыктырган маалыматтарды талап кылууга толук укугу бар экенин, ал эми бийлик, сот, прокуратура органдары өзүнүн ишинин ачык айкындуулугун камсыз кылууга тийиш экенин катышуучуларга жеткирүү.
Иш-чарага облустук, шаардык өкмөттүк эмес уюмдар, укук коргоочулар жана жергиликтүү журналисттер катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө маалымат алуунун мыйзамдуу жолдору, андагы журналисттердин укуктары жана милдеттери жөнүндө «Азаттык үнү» коомдук бирикмесинин юристи маалымат берди.
Андан соң, аталган тема боюнча талкуулар жүрүп, катышуучулар сурам кат, арыз жазууну иш жүзүндө үйрөнүштү.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)